Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Баткен: Куралдуу топ курчоодо


Баткен областына чек араны бузуп кирип, Ворух анклавына өтүп кеткен куралдуу топту издеп жок кылуу боюнча кыргызстандык жана тажикстандык чек арачылар биргелешкен операция жүргүзүүдө.

Кыргыз чек арачыларынын баамында, Тажикстандын күч кызматтарынан качкан куралдуу топ мурда деле кыргыз аймагындагы көзөмөлсүз тоолордо жашырынып жүрүшкөндөй. Анткени куралдуу топту издөө учурунда Кожо-Карым тоосунан дээрлик бардык шарты бар адам жашагыдай үңкүр, анын ичинде дары-дармектери кошо табылган.

Саитжан Эратов
Аймактагы чек ара аскер бөлүгүнүн зардалы Саитжан Эратовдун айтымында, чек арага жакын болгон ушул жерди тандашканынын бир жөнү бар. Бул жерди эч кандай текшерүүгө алынбаган коридор катары пайдаланып жүрүшкөн болушу мүмкүн.

Адегендеги маалыматтар боюнча чек араны бузуп өткөн куралдуу топто сегиз киши бар деп айтылган. Такталган маалыматтардан кийин Ворух анклавына 14 адам кире качканы белгилүү болду. Ошондуктан Кожо-Карым тоосунда мурдатан эле беш-алты адам жашап келген болушу мүмкүн деген божомолдор пайда болууда.

- 91-жылдан 99-жылга чейин эч кандай чек арачылар бул жерде болгон эмес. 99-жылдан кийин деле көнүмүш адат болуп калган, ушул жерден өтмөй. Чорку менен Ворухтун ортосундагы транзиттик жол экен да. Акыркы учурда күч бөлүнүп, жакшы карап кайтарып атабыз. Булар билген эмес бул жакты кайтарып атканыбызды. Мурда да өтүп жүрсө керек. Бүгүн жакшы маалымат бар. Чек ара кызматынын төрагасынын чечими менен бул жерде бир жуманын ичинде стационардык пост курулуп, ушул капчыгай толугу менен жабылат. Бир да тажик, бир да кумурсканы өткөрбөйбүз буюрса,-деди чек ара аскер бөлүгүн зардалы Саитжан Эратов.

Кыргыз чек арачылары куралдуу топ кирип келген окуядан кийин бул аймакты тоо-таштын баарын аңтарып, асмандан жана жерден издөө иштери жүргүзүп жатышат. Бул жердеги он алты үңкүрдүн баарын текшерип чыгышкан. "Азыркы убакта Кыргызстан тарабында мыйзамсыз жүргөн жан жок дейт", - чек арачылардын башчысы.

Оперативдүү маалыматтар боюнча Ворух анклавында жашынып калган куралдуу топтогу адамдар баарысы Тажикстандын жарандары экенин аныкталды.

-Он төрт кишини аты-жөнүнө чейин бүгүнкү күндө биз билебиз. Баарысы коңшу мамлекеттин жарандары. Тажикстандын Исфара районунан экен,-деди Саитжан Эратов.

Куралдуу топ жашынган Ворух анклавын тажик чек арачылары менен милиция күчтөрү тинтүүгө алышууда. Бир күн мурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары жолугушуп, биргелешкен операцияларды пландап ишке ашырууда.

- Ворух анклавынын периметри бүтүндөй жабык. Биздин аймакка өтө турган болсо, биз аларды сөзсүз издеп табабыз, өздөрүнөн көрсүн, керек болсо жок кылабыз,-деди Саитжан Эратов.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Тыныбек Сеитов бул аймактагы чек арачылар оор шарттарга карабастан кызмат өтөп жатышат деп белгилеп, аларга каржылык колдоону күчөтүп, заманбап техникалар менен камсыз кылуу керек деп айтты.

"Азаттыктын" архивинен: Баткен окуясына 10 жыл

Баткендин Зардалы айылынын тургундары 10 жыл мурдагы окуяны эскерип, жоокесептер кантип киргенин "Азаттыкка" айтып беришти. (Ж. Айдаров, Баткен)

Баткен окуясына 10 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:33 0:00

XS
SM
MD
LG