Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Баткенге кол салгандар кимдер?


14-октябрда түнкү саат он бир чамасында бир канча куралчан адам чек араны бузуп, Тажикстан тараптан бери карай кирип келишти.

Баткендеги чек арачылар менен ок атышуулардан кийин алар Кыргызстандын аймагына жашырынып кетишкен. Адистер бул окуя Кыргызстан үчүн чоң коңгуроо экенин, өлкөнүн түштүк чек ара тилкесинде кайтарууну күчөтүү керектигин айтышууда.

14-октябрда түнкү саат он бир чамасында Баткен облусунун “Көк-Таш” чек ара бекетинин аймагынан Тажикстан тараптан бери карай кирип келаткан он чакты адам байкалган. Алар чек арачылардын токтотуу аракетине баш ийбей, куралдуу каршылык көрсөтүшүп, ок атышуулардан соң Кыргызстандын чегине жашырынууга үлгүрүшкөн. Атышуу учурунда жабыр тарткандар болгон эмес.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов, орун басары Чолпонбек Турусбеков баш болгон адамдар бул маселени теске салуу максатында Баткен облусунда жүрүшөт. Чек арачыларга жардамга Ош облусунан Ички иштер министрлигинин атайын бөлүгүнүн аскерлери да жөнөтүлдү. Алар ушул тапта чек арачылар менен бирге Кыргызстанга кирип келген куралчан топту издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, чынында эле өлкөнүн түштүк чек арасын күчөтүү керек. Бирок кечээ кол салгандар ооган тараптан келген террорчулар эмес эле Тажикстанда жүргөн кылмыштуу топтор болушу ыктымал:

- Кечээкилер кабарларга караганда Тажикстандагы кылмыштуу топтор, маң зат аткезчилери болушу керек. Ошол жакта тажиктер менен атышып, анан Баткенге кирип келишсе керек. Муну террорчулар же талиптер менен байланыштырбаш керек. Мен мунун жанагыдай кылмыштуу топ деп эле ойлойм. Мындан саясатты көрбөш керек. Бирок чынында Баткенде коопсуздукту күчөтүш керек. Кыргызстан деле бул жаатта аракет кылып атат.

Айрым саясат талдоочулар мындан мурдараак, Ооганстандагы эл аралык коалициянын кысымы алдында ал жактагы талиптер бери карай, тактап айтканда Тажикстан менен Кыргызстан тарапка жылууга аракет кылышы мүмкүн экенин эскертишкен. Андан тышкары Өзбекстан ислам кыймылы да ооган жергесинде каруусун чыңап, качандыр бир бери карай жылары да болжонгон. Бирок кечээ Баткенге кирип келген куралчан топтун кимдер экендиги азырынча белгисиз.

Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков болсо, ушул жылы жайында Ош, Жалал-Абад облусунда жок кылынган куралдуу топтор тууралуу эскертип, алар деле тыштан киришкенин айтты. Андай топтор дагы деле өлкө чегинде жүрүшү мүмкүн экенин айткан талдоочу, чек араны бекемдөө негизги иш болушу керектигин айтты:

- Биринчиден, жанагыдай куралдар, куралдуу топтор өзүбүздүн эле түпкүрдөгү райондордон табылып атат го. Ушунун баары кайдан келди? Албетте чек араларыбыздын жакшы корголбогондугунан, ачык болуп атканынан келип чыгып атат. Ошондуктан чек арабызды жакшы караш керек. Бирок кийинчерээк коңшу мамлекеттерибиз менен ачык чек аралар болушу да мүмкүн.

Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук жана соттук-укуктук реформа боюнча комитетинин мүчөсү Асанбек Байтиковдун пикиринде, мурда көп жылдар бою чек ара каралбай келгендиктен 1999-2000-жылдардагыдай окуялар болуп кеткен. Азыр болсо абал оңолуунун үстүндө:

- Бизде өзүңөр билгендей чек ара маселеси оор болуп атат. Өзгөчө өлкө түштүгүндө. Ал жакта бекеттерди көбөйтүш керек. Ушул жаатта аракеттерди күчөтүш керек. Бул боюнча өкмөт деле иштеп атат жакшы эле. Тек гана мурда чек ара каралбай келгенден болуп атат да баары. Эми-эми каралып, баары оңолуп келатат. Буюрса оңолот баары.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин айтымында, Кыргызстанда баягы 2000-жылдардагы окуя кайталанбашына ишеним чоң. Анткени куралдуу күчтөрдүн курамында андай учурларга карата мыкты даярдалган бөлүктөр пайда болду.

Чек ара кызматы болсо кечээки куралдуу кол салуу боюнча кеңири маалымат оперативдүү иликтөө иштери бүткөрүлүп, издөөдөгүлөр табылгандан кийин же алардын өлкө чегинен чыгып кеткени аныкталган соң айтылаарын билдиришти.

"Азаттыктын" архивинен: Баткен окуясына 10 жыл

Баткендин Зардалы айылынын тургундары 10 жыл мурдагы окуяны эскерип, жоокесептер кантип киргенин "Азаттыкка" айтып беришти. (Ж. Айдаров, Баткен)

Баткен окуясына 10 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:33 0:00

XS
SM
MD
LG