Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

“Норт-Ост окуясына” жети жыл болду


Мындан жети жыл мурун Дубровка театрындагы терактта 130 адам набыт болгон. Бүгүн асманга ошончо ак шарды учурушат. 2002-жылдын 23-октябрында куралчандардын тобу “Норд-Ост” мюзикли жүрүп жаткан жерде 800дөй адамды барымтага алган. Аларды үч күн кармап турушту. 26-октябрдын таңында өкмөттүк аскерлер театрга газ айдап, имаратка чабуул коюшат. Көпчүлүк эл газдан муунуп өлгөн деп айтылып жүрөт. Ошол газдын курамында эмне болгону дале белгисиз. Орус бийликтери адамдардын өлүмүнө себеп болгонун четке кагышат.

XS
SM
MD
LG