Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Абдулло шайлоого катышар-катышпасын эртең айтат


Буга чейин CNN телеканалы жана “Ассошиэйтед пресс” маалымат агенттиги Ооганстанда 7-ноябрга белгиленген президенттик шайлоонун экинчи айлампасына мурдагы Тышкы иштер министри Абдулло Абдулло катышуудан баш тартышы мүмкүн экенин айтып чыгышкан. Абдулло азыркы президент Хамид Карзай менен шайлоону ачык, акыйкат өткөрүү боюнча талаш-тартыштардан кийин, мунаса таппай, ушундай чечим кабыл алганын билдиришкен эле. Ооганстанда шайлоонун биринчи айлампасы добуштардын массалык бурмаланышы менен өткөнү тастыкталгандан кийин, анын экинчи айлампасын өткөрмөй болушкан.

XS
SM
MD
LG