Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Дания иммигранттарга 100 миң крондон сунуштоодо


Дания мекенине кайткысы келген иммигранттарга 100 миң крондон сунуш этүүдө. 100 миң крон - 20 миң доллардан ашык акча болот. Өкмөт өкүлдөрү билдиргендей, борборчул-оңчул азчылык өкмөтү бул тууралуу өзүнүн башкы шериги болгон ашкере оңчул Даниянын Элдик партиясы менен макулдашууга жетишишти. Аталган партиянын жетекчиси Петер Скааруптун айтымында, бул план Европа Биримдигинен сырткары жактан келген иммигранттарды өлкөдөн кетирүү максатын көздөйт. 20 миң доллардын 2 миңи дароо берилет, калганы иммигрант Данияда туруктуу жашоого берилген уруксаттан баш тарткандан кийин төлөнөт.

XS
SM
MD
LG