Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Экс-прокурор парламентке кайрылат


Оппозициядагы саясатчы Азимбек Бекназаров Кылмыш-процессуалдык кодекстин 70 –беренесинин 3-бөлүгү боюнча түшүндүрмө берүүнү Жогорку Кеңештен сураган атат. Мындай кайрылууга Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиеванын Балыкчы окуясы боюнча сотту 24-ноябрда улантуу тууралуу жергиликтүү сотторго жиберген каты негиз берүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бекназаров билдирди.
Балыкчы окуясы боюнча айыпталуучулар судьяга ишеним көрсөтпөө тууралуу арызданып жаткандыгына байланыштуу сот отурумдары убактылуу токтотулган. Айыпталуучулардын 4-ноябрда жолдогон арызын Жогорку Сот карар-карабасы тууралуу маалымат таратыла элек.
Дагы бир айыпталуучу, оппозициядагы саясатчы Исмаил Исаков жай айларында сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу арызынын мыйзамдуулугун териштирүүнү сурап, Конституциялык Сотко кайрылган болчу. Анын негизинде Конституциялык Сот Кылмыш-процессуалдык Кодекстин 70 –беренесинин 3-бөлүгүн мыйзамга каршы келет деген чечим чыгарып берген. Экс-прокурор Бекназаров чечимдин негизинде ЖК аталган жобону мыйзамдан алып салуусу зарыл болчу деп эсептейт. Ал экс-министр Исмаил Исаковду жана Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткандарды сотто коргоодо. (BuS)

XS
SM
MD
LG