Ал аркылуу Азимбек Бекназаров Кылмыш-процессуалдык Кодекстин 70-беренесинин 3-бөлүгүнө түшүндүрмө берүүнү, Жогорку Соттун сот отурумун дайындоого тапшырма берүүгө укугу бар-жогун аныктап берүүнү сураган атат. Саясатчынын айтымында мындай кайрылууга Жогорку Сот төрайымы Жаңыл Алиеванын Балыкчы окуясы боюнча сотту 24-ноябрда улантууну тапшырган каты негиз берген. Судьяга ишеним көрсөтпөө боюнча арызданып жаткан айыпталуучулардын сот иши убактылуу токтоп турат. Жайында экс-министр Исмаил Исаковдун арызынын негизинде Конституциялык Сот Кодекстеги аталган жобону мыйзамга каршы келет деп чечкен. Ошондуктан адвокат катары Бекназаров жобо боюнча түшүндүрмө берүүнү сурап Жогорку Кеңешке да кайрылган. (BuS)