Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан сентябрь айына чейин Орусиядагы кыргызстандыктар жиберген акча өткөн жылкы ушул убакытка салыштырганда эки эсе азайган. Кыргызстандын социалдык жана экономикалык иликтөөлөр борбору ошондой эле каржылык каатчылык мезгилинде Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын кайра мекенине кайтуусун да иликтеген. Иликтөөнүн жыйынтыгы мекенинде калган үй-бүлөсүнө жиберген акчасы азайганы менен мигранттар массалык түрдө Кыргызстанга кайтпаганын көрсөткөн.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттарды иликтөө ишин социалдык жана экономикалык иликтөөлөр борбору ЕККУнун “Эмгек миграциясы жана иш менен камсыздоо” программасынын алкагында Франциянын “АКТЕД” бейөкмөт уюмунун көмөгү менен жүргүзгөн.(ZKo)