Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

А.Князев: Саясий себептер менен сабалдым


Александр Князев, тарыхчы, саясат таануучу.
Александр Князев, тарыхчы, саясат таануучу.

Кечээ (9-декабрда) Бишкекте кечки саат 19:30 чамасында Кыргызстандагы белгилүү Орусиялык саясат талдоочу, КМШ өлкөлөрүнүн Орусия институтунун аймактык кеңсесинин директору Александр Князевди белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. Ал өзү кол салууну саясий ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. “Азаттык” үналгысы ур-токмокко кабылган саясат талдоочуга айрым суроолорду берди.

“Азаттык”: - Александар Алексеевич, айтыңызчы. Сизди кандайча өз үйүңүздүн алдында сабап кетишти? Сиз кандай ойлойсуз, кимге жолтоо болушуңуз мүмкүн? Кимге керек эле мындай кол салуунун?

А.Князев: - Мен азыр кечээ жалгыз өзүм гана токмоктолбогонун билдим. Менден башка мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков да токмоктолуптур. Эки окуя тең бир маалда болуп атат.

Бул жерде эки кол салууда тең окшоштук болуп атат. Эки учурда тең тоноого аракет кылышкан эмес. Менин иш кагаздары салынган портфелимди алып кетишти. Ал жакта чакан кол компьютер дагы бар болчу. Бирок негизинен менин капчыгыма, документтериме, телефонго тийишкен жок. Б.Жанузаковдун телефонун алышканы менен документтерине, акчасына тийишпептир. Эгер бул криминал болсо, тоноо иретинде жасалган болсо мындай жасалбайт болчу.

Төрт адам сабап атканда менин чөнтөгүмөн капчыгым чыгып калган. Ал капчыкты алып коюшча деле болмок. Бирок алар аны алышкан жок. Аларды башка нерселер кызыктырган окшойт, документтер жана менин кол компьютеримдеги маалыматтар.

Эң негизгиси менин оюмча, бул болуп аткан окуялар, өлкөнүн саясий айдыңынан мурдагы бийлик менен байланышы бар адамдардын бардыгын, ошондой эле өз оюн айта алгандарды тазалоо болуп атканынан кабар берип атат окшойт. Менин оюмча мамлекеттик кызматтарда, башка уюмдарда менин айткандарымды, менин баа берүүлөрүмдү жактырбагандар бар. Анын үстүнө менин баа берүүлөрүм туура чыгып калып атат. Маселен өлкө деградацияга кабылып, архаизация жүрүп атканы, орто кылымга кайтып баратканы тууралуу сөздөрүм. Мына ушулардан жыйынтык чыгарыш керек.

“Азаттык”: - Александр Алексеевич, сиздин айтымыңызда кол салгандардын бирөө мындай сөз айткан экен. Сизди саясий ишмердүүлүгүңүз үчүн сабап атышканын. Акыркы мезгилде эмне иш кылып аттыңыз эле?

А.Князев: - Акыркы мезгилде андай деле кооптуу нерселерди жасаганым жок. Маселен, Кыргызстанда мындай иштер, токмоктоолор жеке таарынычтан улам чыгат. Мен акыркы мезгилде Курманбек Бакиев, Максим Бакиев же Жаныш Бакиев тууралуу жаман сөз деле айткан эмесмин. Акыркы маалымат жыйынымда Данияр Үсөнов дайындалган маалда бир аз мыскыл айткам. Бирок мен бул жерде өтө деле таарынычтуу нерсе көргөн жокмун. Басма сөздө ал жөнүндө абдан ачуу деле айтып атышат.

Мен маалымат жыйындарда Кыргызстан чөгүп баратканын, өлкө башка бир күчтүү мамлекеттин курамына кошулуп гана сакталып каларын, ал өлкө Орусия экенин айтып жүрөм. Балким бирөөлөргө ушунум жакпай калган чыгар.

“Азаттык”: - Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG