Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

В.Ярузельский: «Аскер киргизүүнү суранган эмесмин»


Войцех Ярузельский. Париж. 2009-жылдын 18-сентябры.
Войцех Ярузельский. Париж. 2009-жылдын 18-сентябры.

Жакында Польшада экс-биринчи катчы Войцех Ярузельский менен Советтер Союзунун маршалы Виктор Куликовдун сүйлөшүүсүнүн стенограммасы жарыяланды.

Бул 1981-жылдын декабрында аскердик абал жарыялоонун алдында болгон. Анда алар Польшадагы курчуган саясий кырдаалды, советтик аскерлерди бул мамлекеттин аймагында колдонуунун ыктымалдыгын талкуулашкан. Документ В.Ярузельскийдин Польшага советтик аскер күчүн киргизүүнү суранганын көргөзүп тургансыйт. Бирок «Азаттыктын» орус кызматынын кабарчысы Елена Власенкого берген интервьюсунда 87 жаштагы Войцех Ярузельскийдин өзү аны дагы бир ирет жокко чыгарды.

- Айтасаңыз – Польшанын Улуттук акыл-эс институту жарыялаган стенограмма каяктан пайда болду деп ойлойсуз?

- Мен муну кабыргам кайышуу менен айтып отурам, анткени, бүгүн бул Польшада мода болбосо дагы дайыма айтып келатам: мен улуу орус элин, Орусияны сыйлайм, орустарды сүйөм. Анын ичинде Польшада согушкан досум маршал Куликовду дагы сыйлайм. Ошондуктан кайсы бир документке окшогон кагаздан чыгып, анын негизинде мени саткындыгым үчүн сотко тартуу керекпи же жокпу деген сөздөрдүн чыгышы мени кайгыртып отурат.

Эми документтин өзү тууралу. Мындан жыйырма жыл мурда, 1997-жылы Варшаванын жанында эл аралык конференция өткөн. Ага Орусиянын, Американын, «Солидарносттун» өкүлдөрү жана Польшанын бийликтери, анын ичинде мен да катыштык.

Ошол жерде маршал Куликовдун адьюданты Аношкин америкалык журналист Крамерге маршал Куликовдун 1981-жылдын 7-декабрынан 17-декабрга чейинки Польшада жүргөн учурундагы жумушчу тетрадды акчага саткан. Андагылар Польшада жарыяланган. Анда мени менен маршал Куликовдун ортобузда маектешүү болгону тууралу бир да сөз жок. Ошондой эле анда мени менен СССРдин премьер-министринин орун басары Николай Байбаков экөөбүздүн ортобузда да сүйлөшүү болгону тууралу бир да сөз жок. Бир дагы сөз!

Анан эле 12 жыл өткөндөн кийин – 12 жыл – мени менен маршал Куликовдун ортобуздагы сегизинен тогузуна оогон түндөгү сүйлөшүү тууралу ошол эле Аношкиндин тасмасы жарыяланып отурат. Мен үчүн таңгалычтуусу – ушунча жыл өткөндөн кийинки жандануунун болуп атканы. Бул кайдан пайда болду?

Эми анын мазмуну тууралу. Мен аны жалган документ (фальшивка) деп айтпайм. Мен ал ар кандай түкшүмөлдөргө түртө бергидей кылып жазылган деп айтып келатам. Эң негизгиси – сүйлөшүүнүн акыркы бөлүгү. Азыр ал менин эсимде жок, Аношкин болсо аны минтип берип атат – маршал Куликов сөз аягында менден сурап турат – биз аскердик абал киргизүү туралу чечим кабыл алдык деп, Леонид Ильичке айта аламбы, деп. Менин жообум – эгерде силер бизге жардам берген учурда гана. Мага берилген жооп болсо: эч кандай жардам болбойт, делет.

Эми бул жерде каяктагы логика? Биз өз күчүбүзгө ишенбей турсак, (анткени биз жардам сурап атабыз, жардамды болсо бизге бербей атышса), анан мен аскердик абал жарыялап отурам?

Эгер бул логикага таяна турган болсок мен жардамдын келбей турганын билип туруп аскердик абал киргизмек эмесмин, же болбосо өзүн өзү курмандыкка чалгыдай шартта аскердик абал жарыялап, кандуу авантюрага бармакмын. Бул экөөнүн анысы да, мунусу да болгон жок.

Бул өтө маанилүү учур: биз өз күчүбүз менен абалдан чыктык. Бизге Польшанын аймагына «кирүү керекпи же жокпу» деген өтүнүчтүн да кереги жок болчу, анткени ансыз да биздин чек арабызды курчап, миңдеген танктар турган. Эгер ич ара согуш чыгып кетсе советтик куралдуу күчтөр ансыз да Польшанын аймагына киришмек.

Башкача айтканда сиз СССРдин куралдуу күчтөрүн Польшанын аймагына киргизүүнү суранган эмес экенсиз да?

– Мен Польшанын аймагына советтик аскерлерди киргизүүнү сураган сөздөрдү айткан эмесмин. Мен өз күчүбүз менен бул маселени чечебиз деп эсептегем, бирок мен маршал Куликовго ар кандай нукта, өтө коркунучтуу нукта өнүгүп кетиши ыктымал болуп турган курчуган кырдаалды, бирок биз өз күчүбүз менен жөнгө сала ала турган кырдаалды айтып бергем.

Ал сөздөрүмдү ар кандай түкшүмөлдөсө болот: эгер мен абал оор деп айтсам, мен анда жардам күтүп атканым. Ал жардамдын бизге кереги жок болчу.

Аскердик абалды жумшак өттү десе болот. Иш таштоолор дээрлик болгон жок. Армия болсо чоң кадыр-баркка ээ болчу. Муну баары билишчү.

Эгерде Советтер Союзунан «жардам» келе турган болсо, анда эгер поляк элинин маанайын, анын тарыхын эске алсак, анда аскердик абалдын ордуна биз согушка кирмекпиз. Польшанын куралдуу күчтөрү каршы чыгышмак.

Мен эгер советтик аскерлерди сурасам анда чекеге ок жемекмин. Ошондуктан бул темага кайсы бир ырасмий эмес тексттен жулуп алынган келки фразаларга таянып эмес, жалпы логиканын алкагында кароо керек.

Войцех Ярузельскийдин өмүр баяны

Войцех Ярузельский 1923-жылы 6-июлда Польшанын Люблинское аймагындагы (воеводство) Куров кыштагында жер ээсинин үй-бүлөсүндө туулган. 1939-жылга чейин жеке менчик гимназиядан окуган. 1939-жылы анын үй-бүлөсү Литвага көчүп барат.

Бул мамлекет СССРдин курамына киргенден кийин ал НКВД тарабынан камакка алынып, Ойрот автонов облусуна (азыркы Орусиядагы Алтай Республикасына) айдалган.

1943-жылы июлда СССРдин аймагында түзүлгөн Тадеуш Костюшко атындагы 1-поляк дивизиясына кабыл алынган. Ошол эле жылы Рязандагы жөө аскерлер окуу жайын (училище) аяктаган. Поручик катары Висладагы аскер өнөктүгүнө, Варшаваны бошотууга, Балтика боюн алууга, Одер жана Элба үчүн согуштарга катышкан.

Эки ирет Ленин ордени менен, Октябрь Революциясы, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган. Андан тышкары Польшанын жогорку аскердик сыйлыгы «Virtuti Militari»ни да алган.

Ярузельский 1947-жылы Польша жумушчу партиясына мүчө болуп кирген.

1965-1968-жылдарда Польша Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын начальниги. 1968-жылдан 1983-жылга чейин өлкөнүн коргоо министри.

1983-жылдын ноябрынан тартып Польша куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы.

2007-жылы ага каршы 1981-жылы 12-декабрдан 13-декабрга оогон түнү аскердик абал киргизгени үчүн айып коюлган.

В.Ярузельский аскердик абал киргизүү менен Польшаны советтик куралдуу күчтөрдүн баскынынан, ич ара согуштан сактап калдым, деп ал кинелерди четке кагууда. Азыр В.Ярузельский 87 жашта.

XS
SM
MD
LG