Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Борбор Азия өлкөлөрү АКШнын көңүл чордонунда


"Азаттыктын" архивинен: Ооганстандагы кырдаал көп өлкөнүн башын оорутууда
"Азаттыктын" архивинен: Ооганстандагы кырдаал көп өлкөнүн башын оорутууда

АКШ Борбор Азияга карата саясатынын артыкчылыктуу багыттарын ачыктады. 15-декабрда Сенатта АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүнө карата саясаты тууралуу угуу өттү. Анда Барак Обаманын администрациясы Тажикистан менен Кыргызстанды келечеги бүдөмүк өлкө катары сыпаттады.

Угууга АКШ өкмөтүнүн мүчөлөрү, серепчилер жана талдоочулар катышты. Бул тууралуу “Америка добушу” “АКШнын Борбор Азиядагы жаңы саясаты” аттуу макаласында кабарлайт.

Сенаторлор Обаманын Ооганстан жана Пакистандагы жаңы стратегиясын ишке ашырууда Борбор Азия регионунун маанилүүлүгүн белгилешти. Анда аймактагы беш өлкө менен кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгы айтылды.
Түштүк жактан, Ооганстандан келе жаткан тенденциялар биз үчүн жаман аякташы мүмкүн.


“АКШнын Борбор Азиядагы милдети – аймактагы стабилдүүлүктү бекемдөөгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле террорчулук менен күрөш жана энергетикалык ресурстарды жөндүү бөлуштүрүүгө жардам берүү” деп билдирди сенатор Роберт Кейси.

Кыргызстандык серепчи Орозбек Молдалиев АКШ башынан эле Борбор Азияга карата энергетикалык ресуртардан улам кызыгуу артып келгенин айтат:

- Бизде көнүл бура турган эки эле маселе бар: башында энергоресуртар гана болчу. Ооганстан маселеси чыккандан кийин эки маселе болду. Жаңы демократиялуу мамлекеттер деп башында Борбор Азияга көп эле эле көңүл бурулган. Анан бизде демократиянын жүрүшү басаңдап, артка кетенчиктеп калганыбыздан улам ал солгундап калды.

Кыйналган өлкө, жардам күткөн бийлик

15-декабрда өткөн Сенаттагы угууда АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жорж Кролл АКШнын Борбор Азияга карата саясатынын артыкчылыктуу багыттарын ачыктады.

Алар: Ооганстан жана Пакистандагы коопсуздукту жана аймактагы стабилдүүлүктү камсыздоо максатында Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу жолдорун кеңейтүү; Борбор Азия энерго ресурстарга бай келет, андыктан аймакта энергетикалык ресурстарды өнүктүрүү; саясий либералдашууну жана адам укутарынын сакталышын колдоого алуу; аймакта экономикалык реформаларды жүзөгө ашырууга көмөктөшүү; Борбор Азия өлкөлөрүн мамлекет катары тарап кетишин алдын-алуу.

Жорж Кроллдун айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери өздөрүнүн тикелей милдеттерин аткарууда кыйынчылыктарды башынан кечирип жатат. “Өзгөчө Тажикстан менен Кыргызстан келечеги бүдөмүк өлкөлөрдү элестетет” дейт Кролл.
Жаңы демократиялуу мамлекеттер деп башында Борбор Азияга көп эле эле көңүл бурулган. Анан бизде демократиянын жүрүшү басаңдап, артка кетенчиктеп калганыбыздан улам ал солгундап калды.


Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын бул мүнөздөмөсүн мындайча чечмелеп берди:

- “Несостоявшиеся государства” деген терминдин мааниси – “мамлекет эмес” дегенди түшүндүрбөйт. Бул - башкаруу системасынын начардыгынан келип чыккан маселе. Аны баалоонун өзүнүн критерийлери бар. Экономикалык өсүш, коррупцияга бөгөт коюу, адам укуктарынын сакталышы, сөз эркиндиги деген 7-8 критерий менен алып карайт. Ошентип караганда Кыргызстан туш келип калды.

Бүгүн бир чечим, эртең дагы башкасы

Ушул жылдын башында “Манастагы” аскерий база тууралуу кыргыз бийлигинин чечими АКШ-Кыргызстан мамилесин солгундатып койгонун айрым серепчилер белгилешет. Кийин Транзиттик борбор ачылып, бул АКШнын кызыкчылыгы үчүн гана кабыл алынган чечим катары сындалганы да бар.

Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бакытбек Абдирасаев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Негизи бул жалгыз эле АКШга гана эмес Кыргызстанга, Орто Азияга деле керек. Баарыбызга керек. Ооганстандагы кырдаал абдан кыйын болуп баратат. Түштүк жактан, Ооганстандан келе жаткан тенденциялар биз үчүн жаман аякташы мүмкүн.

Кызыкчылыктар коошпой калганда...

Анткен менен 2005-жылы бийликтен кеткен Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев АКШ тышкы саясатта өз кызыкчылыктары менен гана эсептешерин айтып, Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан менен да Америка ушул шартта гана кызматташууга барарын эскерткен:

- Америка ар дайым өз кызыкчылыгын көздөйт. Алар өз кызыкчылыгы, максатына жетүү үчүн бардык жолдорду колдонот. Согуш ачыш керек болсо согуш ачат. Мисалы, Ирактагыдай. Бириккен Улуттар Уюмун да четке кагат. Америка ошондой мамлекет. 2005-жылы Кыргызстанда алар баягы ар кандай максаттарды койгон. Биздин суверенитетке шек келтире турган максаттар. Ошондуктан мен алардын бардыгын четке каккам. Америка үчүн дос жок. Өзүнүн гана кызыкчылыгы бар. Эч качан Америка дос күтпөйт. 2005-жылы мен ошондой болуп калдым. Ошон үчүн төңкөрүш уюштурушту.

Айрым талдоочулар АКШнын Борбор Азияга карата артыкчылык койгон учурдагы багыттары АКШнын Ооганстандагы аскердик өнөктүгүн баштаган 2001-жылдагы саясатына үндөшүп жаткандыгын айтышып, аймактагы өлкөлөр ал убактан бери бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болгонун каңкуулашууда.

"Азаттыктын" архивинен: АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө

Орусияда А.Мамонтовдун “База” аттуу сыналгы берүүсү обого чыгарылып, анда АКШнын “Манас” аскер базасы тууралуу олуттуу сын камтылган. Бирок база жетекчилиги жана ала-тоолуктар сын пикирлер менен макул эмес. ES, MiT, SA

АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00

XS
SM
MD
LG