Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

«Манас эйр» аркылуу ажылыкка кеткендер кайта албай кыйналышууда


Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында депутат Нургазы Айдаров билдирди. Депутаттын айтымында, Меккеге сапар алган кыргызстандыктар он күндөн бери мекенине кайта албай убара тартышууда. Айдаровго мындай нааразычылык менен ажылыкка кеткен жарандардын жакындары кайрылышкан. Депутат «Манас эйр» ажалык сапары бүткөн кыргыз жарандарын кайра Бишкекке алып келүү милдетин техникалык себептерден өтөй албай жатат деп билдирет. "Манас эйр" авиакомпаниясы азырынча бул тууралуу расмий түшүндүрмө бере элек. (EK)

XS
SM
MD
LG