Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Бейжинде Кытайдын Вацлав Гавели соттолууда


Лиунун колдоочусу соттун сыртында нааразылыктын сары лентасын таркатып жатат, 23-декабр, 2009-жыл
Лиунун колдоочусу соттун сыртында нааразылыктын сары лентасын таркатып жатат, 23-декабр, 2009-жыл

Kытайда эң таанымал диссиденттердин бири сот алдына келди. Лиу Шиобо өлкөдө саясий реформаны талап кылган декларацияны жарыялоого даярдап жатканда, былтыр камакка алынган. Ага «бийликти кулатуу» аракети үчүн айып коюлууда.

Бейжинде 23-декабрда өткөн сот ишинин мезгилинде сыртта пикетчилер «бизге сөз эркиндиги керек, Шиабо күнөөсүз, биз аны колдойбуз» деп ураан чакырып турушту. Кийин сот кызматкери сыртка чыгып, чогулган элди таркап кетүүгө үндөдү:

Лиунун соту башталаардын алдында полиция сот жайын курчоого алды, 23-декабр, 2009-жыл.
– Сот бүттү, туугандары, адвокаты кетти. Мында турбагыла. Сот өкүмү башка күнү чыгат, ал бүгүн жарыяланбайт.

Лиу Шиобо өзү жазышкан «Хартия-2008» билдирүүсү жарыяланаардын так алдында былтыр камакка алынган эле. Коммунисттик Чехословакияда Вацлав Гавел баштаган диссиденттердин «Хартия – 77нин» үлгүсүндө жазылган бул документ Кытай бийликтерин саясий либералдаштырууга, анын ичинде сөз эркиндигин камсыздоого чакырат.

23-декабрдагы сот иши эки жарым саат гана созулду. Кошмо Штаттары менен Европа Биримдиги Лиуну бошотууну талап кылып, анын сотуна дипломаттарын жиберди, бирок аларды сотко киргизбей коюшту. АКШнын Бейжиндеги элчилигинин саясат боюнча өкүлү Грегори Мей соттун сыртында чогулгандарга бул билдирүүнү окуп берди:

– Бейжиндин Биринчи Ортомчу Элдик сотунун Лиу Шиабону соттоо чечиминен баш тартпаганы АКШнын өкмөтүн өтө тынчсыздантат. Лиу мырза Кытайда демократиялык жараяндын тамыр алышы үчүн тынчтык жол менен күрөшкөн белгилүү активист. Биз билгенден, ал универсалдык адам укуктарын жана демократиялык реформаны урматтоого чакырган «Хария 2008ге» кол коюп, ага колдоо көрсөткөнү үчүн кысымга алынууда.

Ал эми Лиунун адвокаттарынын бири Диң Хикуи кабарчыларга Лиу өзүнө коюлуп жаткан кинелерди четке каккандыгын, соттун өкүмү Батышта Иисус Хрситостун күнү майрамдалган 26-декабрда жарыялай тургандыгын билдирди.

«Хартия-2008» декларациясы былтыр 10-декабрда, Адам укуктары тууралуу Жалпы Декларациянын 60 жылдыгында жарык көргөн. Ага ал кезде 300дөй киши кол койсо, бүгүнгө чейин тизмеге 10 миңдей киши кошулду.

Ушул жазда Прагада экс-президент Вацлав Гавел 53 жаштагы Лиуга Чехиянын Адам укуктары сыйлыгын сырттан тапшырган.

53 жаштагы жазуучу, адабий сынчы жана саясий активист Лиу Шиобо 1989-жылдагы Бейжиндин борбордук Тян-ан-мен аянтындагы демократиялык нааразылык акциясына да катышкан. Кытай бийликтери ал демонстрацияларды күч менен басып таркаткан. Андан берки жылдарда өлкөдө сөз эркиндигине байланыштуу, өтө чектелүү болсо да, айрым жылыштар орун алганы менен, Кытайдын коммунисттик бийликтери саясий талкууларга катуу чектөөлөрдү койгондон баш тарта элек.

"Азаттыктын" архивинен алынган бул видео тасмада:

Вацлав Гавел Лиу Шиобого Чехиянын Адам укуктары сыйлыгын "сыртынан" тапшырган Прагадагы Жазуучулар фестивалы. "Калп айтууга ким укуктуу?" деген темадагы талкуудан айрым цитаталар, июнь, 2009-жыл.


Жазуучулар талкуусу:Калп айтууга ким укуктуу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00

XS
SM
MD
LG