Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Жалал-Абадда таза сууга акча топтолбой жатат


Облустун айрым айыл өкмөттөрү “ Таза суу” долбооруна кыйла карыз. Губернатордун биринчи орунбасары Турдуназир Бекбоев долбоордун 5 пайыздык жыйымы толук топтолбогонун билдирди. Совет доорунда эмгектин 14 Баатыры чыккан Ноокен районунун борборунда суу таңкыс. Аймактын Сакалды айылында таза сууга 31, Момбеков кыштагында 46 пайыз акча топтолгон. Ушундай акыбал Сузак районундагы Барпы жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндө да өкүм сүрүүдө. Бир нече райондордо ичкен сууга акы төлөнбөй келүүдө. (YA)

XS
SM
MD
LG