Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Европарламент орус бийлигин сынга алды


Европарламент Орусиянын бийлигин 82 жаштагы белгилүү укук коргоочу Людмила Алексееваны жаңы жыл түнү камакта кармаганы үчүн сынга алды. Европа парламентинин төрагасы Ежи Бузек орус полициясынын бул ишин чектен чыккан окуя экенин айтып, демократиялык коомдо адамдардын сөз эркиндигине жана өкмөткө каршы нааразылык акциясына укугу болушу керектигин билдирди. 82 жаштагы белгилүү укук коргоочу Людмила Алексеева 31-декабрда кечинде адамдардын эркин чогулуусун коргоого алган акцияга чыккан маалында камакка алынып, жаңы жылды абакта тоскон болчу. Кошмо Штаттары да бул окуяга камтамачылыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG