Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Арменияда сот Түркия менен түзүлгөн келишимди текшерүүдө


Бүгүн Армениянын Конституциялык соту Түркия менен жетишилген протоколдордун мыйзамдуулугун карай баштады. Былтыр октябрда Армения менен Түркия дипломатиялык алаканы жандантуу боюнча эки протоколго кол коюшкан. Конституциялык сот азыр ошол документтердин канчалык мыйзамдуу экендигин талдап жатат.

Түркиянын парламенти аларды ратификациялай албай койгондон кийин, Арменияда нааразылык күчөгөн. Армян президент Серж Саркисян “Эгерде Анкара аны жактырбаса, анда Түркия менен алаканы үзө турганын” эскерткен. Түркиянын расмий өкүлдөрү болсо “Армения Азербайжан менен Тоолуу Карабак проблемасы боюнча прогресс жарата албаса, бул документтер жактырылбайт” дешкен.

XS
SM
MD
LG