Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Мазен Али: Шайлоодо акыркы сөздү эл айтат


Ирак. Шиит зыяратчылар Багдаддан Кэрбалага жөө баратышат. 3-февраль 2010Baghdad to the holy city of Karbala to take part in the Aabaeen, 03Feb2010
Ирак. Шиит зыяратчылар Багдаддан Кэрбалага жөө баратышат. 3-февраль 2010Baghdad to the holy city of Karbala to take part in the Aabaeen, 03Feb2010

Иракта 7-мартта болчу парламенттик шайлоо алдында саясый таймаштар күчөдү.

Күрөштүн курчушуна Адилеттик жана жоопкерчилик комиссиясын мурдакы баасчыларды шайлоого катыштырбоо жөнүндөгү чечимин Апелляциялык соттун жокко чыгаруусу түрткү болду. Шайлоо комиссиясы болсо талаштуу маселе жөнгө салынмайын, шайлоо өнөктүгү
Ирактык аялдар Саддам Хусейн заманында өлтүрүлгөн жакын туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп баратышат. Багдад. 21-январь 2010
башталбайт, деп билдирди.

400дөн ашуун экс-баасчылар парламенттик шайлоого катыша алат

Ирактын апелляциялык соту 400дөн ашуун мурдакы баасчылардын арызын канааттандырды. Бул Саддам Хусейн доорундагы башкаруучу БААС партиясынын мурдакы мүчөлөрүнө 7-марттагы парламенттик шайлоого катышуусуна жол ачты.

Соттун чечмине макул эмес экенин шииттердин жана күрт азчылыктарынын партиялары билдиришти. Ирак элинин көбү шииттер. А баасчылар негизинен сунни азчылыгынан. Соттун өкүмүнө ылайык, береги талапкерлерге байланыштуу кылмыш иштери шайлоодон кийин тергелет. Мурдакы баасчылар парламенттик шайлоого катышпасын деп, Адилеттик жана жоопкерчилик комиссиясы чечкен болчу.

Багдаддын тургуну Ахмед Али да мурдакы баасчылардын шайлоого катышуусуна каршы:
Cаддам Хусейн кармалгандан кийин текшерүүдөн өтүүдө. 14-декабрь 2003


-Мен Ирактын жараны катары айтам: Ирак эли баасчылардан жана алардын кылмышкерлигинен көп жапа чегишкендиктен, баасчылар шайлоого катышпас керек. Бул көпчүлүк ирактыктардын пикири. Аларды шыйлоого катыштыруу чоң жаңылыштык.

Премьер-министр Нури Маликинин өкүлү Али ад-Даббах өкмөттүн сайтында Аппеляциялык соттун чечимин “мыйзамсыз жана конституцияга сыябаган кадам” деп атады. Малики болсо маселени жекшемби күнү Парламент менен чогуу талкууламак болууда.

Жогорку шайлоо комиссиясынын төрагасы Хамдия ал-Хусейни баасчыларга байланыштуу талаш 12-февралга чейин жөндөлөт, ошондон кийин шайлоо өнөктүгү башталат, деп боолгойт. Ага дейре Жогорку сот да өз бүтүмүн айтууга тийиш.

Мазен Али: Шайлоодо акыркы сөздү өкмөт эмес, эл айтат

Багдаддын башка бир тургуну Мазен Али соттун баасчылардын шайлоого катышууга уруксат берген чечимин туура деп колдоду:

-Баасчыларда Ирактагы башка партиялар сыяктуу эле шайлоого катышууга укугу бар. Бирок алардын колу канга малынбаган болсун. Ал эми кимге добуш берүү ар кимдин өз эрки. Акыркы сөздү шайлоодо өкмөт да, Адилеттик жана жоопкерчилик комиссиясы да эмес, эл айтат.

Вашингтондо жүргөн Ирактын вице-президенти Тарык ал-Хашими өлкөдөгү бардык партияларды соттун чечимин урматтоого чакырды жана көпчүлүк калк шайлоону мыйзамсыз деп чыкса, анын арты “тополоңго айланып кетиши ыктымал”, деп кооптонду.

7-марттагы шайлоо Ирактагы элдешүү жараяны үчүн чоң сыноо. Маанилүү саясый өнөктүк талаш менен бүтсө, америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгып кетүүсүн кечеңдетиши да мүмкүн. Муну вице-президент ал-Хашими да бейшемби күнү кабарчылар менен болгон кездешүүдө мойнуна алды.

XS
SM
MD
LG