Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Кабулда жанкечти жардыруу жасады


Ооган башкалаасынан түшкөн кабарларга караганда, жанкечти жардырууну бүгүн эртең менен Кабулдагы эң ири соода борбору, мейманкана, конок үйү жайгашкан аймакта жасады. Андан бери дегенде тогуз адам каза таап, он сегиз киши жаракат алды. Курмандыктар арасында чет элдиктер бар экени да айтылууда. Талибандын Рейтер кабар агенттигине телефон чалган өкүлү Забихулла Мужахид жардыруу үчүн алар жоопкер экенин билдирди.

Бүгүнкү жарылуу – ооган башкалаасында 18- январдан бери жасалган биринчи кол салуу. Анда жанкечтилер менен куралчандар өкмөттүк имараттарды бутага алганда 12 адам, анын ичинде кол салгандардын жетөөсү мерт болгон.

XS
SM
MD
LG