Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Бишкек-Ош кан жолунда кар алдында калган адамдар куткарылды


Бүгүн эртең менен саат алтыда Бишкек-Ош кан жолунун 223-224 чакырымында жалпы көлөмү 28 миң 880 куб метрди түзгөн кар көчкү түшүп, анын алдында алты автоунаа, 15 киши калып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын башкы адиси Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, министрликтин ыкчам тобунун жардамы менен кар алдында калган адамдар куткарылып, тиешелүү жардамдар берилди. “Азырынча жол ачыла элек, тазаланып, куткаруу иштери жүрүп жатат. Каза тапкандар жок", - дейт А.Бекилов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-февралга чейин Кыргызстандын бардык авто жолдорунда кар көчкү жүрүшү ыктымалдыгын, ошол себептүү айдоочуларды 500 метр аралыкты сактоону эскертет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG