Линктер

жекшемби, 20-январь, 2019 Бишкек убактысы 04:52

Босния-Герцеговинанын мурунку президенти Лондондо кармалды


Алтымыш үч жаштагы Эюп Ганич "Heathrow" аэропортунан Сербия бийликтеринин көрсөтмөсү боюнча камакка алынды. Сербия Ганичтин 1990-жылы Балкан чөлкөмүндө орун алган куралдуу жаңжалдар учурундагы аскерий кылмыштарга тиешеси бар деп шек санайт. Британиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда Лондон Белграддан Босния-Герцеговинанын мурдагы президентин экстрадициялоо маселесин кароо үчүн зарыл документтерди күтүүдө.

XS
SM
MD
LG