Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:06

Коопсуздук кызматы А.Ригиге байланыштуу маалыматты жокко чыгарды


“Фергана.ру” маалымат агенттиги Ирандын Press-TV интернет сайтына шилтеме жасап, “Кыргызстан” авиакомпаниясынын учагында “Жүндалла” теоррордук уюмунун лидери Абдулмалик Ригини Кыргызстандын атайын кызматынын кызматкерлери коштоп келаткан деген маалымат таратты.
Маалыматка караганда, 1-мартта Ирандагы Кыргызстандын элчиси Медеткан Шеримкулов Ирандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, министрликтин өкүлү Рамин Мехманпараст 23-февралда кыргыз учагынан Абдулмалик Ригинин кармалганы тууралуу далилдери бар экендигин айткан.
Кыргызстандын Коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы болсо интернет сайтка чыккан маалыматтар чындыкка коошпостугун билдирди.
Ал эми буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги А.Ригини кыргыз учагынын ичинен кармады деген маалыматты жокко чыгарган. (AJ)

XS
SM
MD
LG