Укук коргоочу аялдар демилгеси менен уюштурулуп жаткан бул иш-чара шаардагы Уркия Салиеванын эстелигинин алдында өтөт. Анда өлкөдөгү кыз-келиндердин социалдык-экономикалык абалына баа берилет. Тең укуктук меселеси талкууланат. Бул тууралуу акцияны уюштуруучулары кабарлады. (EBM)