Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

Ирандын айбаты жана Кыргызстандагы базалар...


Иран армиясы президент Ахмединежаддын алдында баллистикалык Шахаб-3 ракетасын көрсөтүүдө. 22-сентябрь, 2005-жыл.
Иран армиясы президент Ахмединежаддын алдында баллистикалык Шахаб-3 ракетасын көрсөтүүдө. 22-сентябрь, 2005-жыл.

Ирандык маалымат каражаттарына таянган айрым маалымат агенттиктери Кыргызстандын территориясында террорчулардын даядалышына Иран бийлиги чыдабасын билдиргенин жаза башташты. Мындай маалыматты Ирандын “ПрессТВ” телеканалы таратканы айтылат. Кыргызстандын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги ал маалыматты жокко чыгарууда.

Кыргызстанда чет элдик аскерий базалардын болгону артыкпы же болбогонубу?

Батыш менен АКШнын кысымдарына карабай Иран жетекчилиги жакынкы жылдары өзөктүк долбоорун ишке ашырарын ачык эле айтып келет. Ырасмий Тегеран алардын өзөктүк долбоору энергия өндүрүүгө гана багытталганын айтканы менен Израиль, АКШ, Британия баштаган өлкөлөр ага ынанбай келишет. Ирандын жетекчилиги да маал-маалы менен батыш менен АКШга айбат көрсөтүп, ал тургай Израилди жер менен жексен кылуу керектигин айткан учурлары бар.
Эгер президент Курманбек Бакиев өлкөнүн коопсуздугун ойлой турган болсо жарыялашы керек эле, Канттагы орустардын базасы менен АКШнын базасын үч жыл ичинде чыгарып кеткиле дегендей кылып.
Т.Тургуналиев


Бириккен улуттар уюмунун колу менен аталган ири державалар Ирандын өзөктүк долбооруна каршы экономикалык санкцияларды да киргизип келишет. Ошентсе да Иран жетекчилиги өзөктүк долбоорунан баш тартпай тургандай түр көрсөтүүдө. Дал ушул себептен улам бул “тентек” өлкөгө каршы күч колдонулушу мүмкүн экенин адистер байма-бай айтып келишет. Бирок согуштан башы чыкпаган Ооганстанга караганда Иранга каршы күч колдонуу алда канча татаал иш экени турган иш. Ошол себептүү бул вариант – айла кеткенде гана колдонулуусу мүмкүн.
Ирандын атайын кызматы Абдулмалик Ригини кармап жаткан учур

Дубайдан Бишкекке келаткан кыргызстандык жүргүнчүлөр ташуучу учакты Иран аба күчтөрү зордоп кондурганы, учактан террорчу делген Абдулмалик Ригинин кармалышы, ирандык маалымат каражаттарынын Кыргызстандын территориясында террорчулардын даярдалышы тууралуу маалыматтары деле ошол оюндардын бир көрүнүшү экендиги айтылууда.

Айрым талдоочулардын ырастоосунда, кыргызстандык учактан террорчу чыккандагы окуя, анын АКШ базасы менен байланыштырылып жатканы кыргыз бийлигин ойлонтушу керек. Анткени Бишкектен анча алыс эмес жерде эки чет элдик базанын турушу бир күнү коркунуч жаратышы да мүмкүн.

Иран – Кыргызстан мамилелери салкындабайбы?

Өлкөдө чет элдик аскерий базалардын турганы айрым өлкөлөргө жакпасы ырас. Маселен, андайлардын бири АКШ баштаган батыш өлкөлөрү менен кер-мур айтышып келаткан Иран болушу ыктымал.

Эгерде ырасмий Тегеран кыргызстандык учакта кармалган Абдулмалик Ригини өлкөдөгү АКШ базасына байланыштырып, Бишкекке доомат арта турган болсо эки өлкө ортосуна жарака кетиши да ыктымал. Буга чейин бир катар талдоочулар АКШ менен Ирандын мамилеси абдан курчуп кетсе Тегеран “Манас” аба майданындагы АКШнын базасына сокку урушу мүмкүн экенин айтышкан.

Белгилүү саясий ишмер Топчубек Тургуналиев, кыргызстандык учак Иранда кондурулганга чейин эле “Азаттыкка” курган маегинде өлкөдөгү чет элдик базалар тууралуу кеп кылып, Иран учурда катуу куралданып атканын, андыктан өлкөдөгү эки база тең чыгарылса жакшы болмоктугун айткан эле:
Т.Тургуналиев

- Токсонунчу жылдардын башында эле мен Аскар Акаевдин өзүнө айткам, жазгам. “Кыргызстан чакан өлкө. Улуу өлкөлөрдүн, батыш менен чыгыштын, ислам дүйнөсү менен башка күчтөрдүн ортосундагы тогуз жолдун тоомундагы мамлекет. Ошондуктан Кыргызстанды бир дагы саясий-аскердик бирикмеге кирбеген калыс мамлекетке айландырыш керек”,- деп айткам.

Эгер президент Курманбек Бакиев өлкөнүн коопсуздугун ойлой турган болсо жарыялашы керек эле, Канттагы орустардын базасы менен АКШнын базасын үч жыл ичинде чыгарып кеткиле дегендей кылып.

Мына Иранды алалы. Булар азыр күндөн-күнгө күчөп баратат. Жакында эле 3000 чакырымга жете турган баллистикалык ракетасын сынады. Космоско өзүнүн ракетасын учурду. Атомдук бомба түзүүгө жарым кадам эле калды...
Иранга кондурулушу боюнча биздин элчи же элчиликтин кызматкерлери Ирандын Тышкы иштер министрлигине чакырылган эмес. Бул маселе эки өлкө ортосунда расмий түрдө каралган жок.
Мая Сабирдина


Иран маалымат каражаттары кармалган террорчу боюнча Кыргызстандын Тегерандагы элчиси Медет Шеримкулов Тышкы иштер министрлигине чакырылганын, ага нааразычылыктар билдирилгенин айтышканы менен ырасмий Бишкек андай маалыматты жокко чыгарууда.

Кыргызстандын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин Маалымат жана маданият башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мая Сабирдина бул боюнча мындай дейт:

- Ирандык “ПрессТВнын” маалыматы боюнча мен кечээ эле биздин министрликтин атынан билдиргем. Ал жактагы маалыматтар чындыкка дал келбейт. Учактын Иранга кондурулушу боюнча биздин элчи же элчиликтин кызматкерлери Ирандын Тышкы иштер министрлигине чакырылган эмес. Бул маселе эки өлкө ортосунда расмий түрдө каралган жок.

Тарых илимдеринин кандидаты, Иран боюнча адис Самат Бекибаевдин пикиринде, террорчу делген Абдулмалик Ригинин окуясынан эки өлкөнүн мамилесин бузулуп кетпейт. Иран тараптан деле коркунуч келиши күмөн. Кыргызстандагы чет элдик базалардын деле азырынча зыяны байкалбайт. Ал эми Иранда кондурулган кыргызстандык учак тууралуу ал мындай дейт:

- Маселени азырынча тагыраак айтуу кыйын. Чынында кандай болду? Чындап эле Кыргызстанга келаткан террорчулар беле? Кармалгандар АКШнын атайын кызматы менен жолукканбы? Бул Ирандын саясий оюнубу же батыштын саясий оюнубу? Ушул сыяктуу суроолор көп. Андыктан тагыраак жооп бергенге болбой атат. Эгер биздин мамлекет тараптан тагыраак билдирүү болсо таянсак болот эле.

Эскерте кетсек, 23-февралда Дубайдан келаткан учак Ирандын аймагына келгенде эки аскердик учак күчтөп кондуруп, ичинен эки жүргүнчүнү түшүрүп калышкан. Алардын бирин Иран бийлиги “Жундалла” (Алланын аскерлери) аттуу террордук уюмдун лидерлеринин бири Абдулмалик Риги экендигин билдиришкен. Иран маалымат каражаттарында аны кыргызстандык коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү коштоп жүрүшкөнүн, кармалган адам “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна баратканын кабарлашкан. Бирок АКШ менен Кыргызстандын расмий өкүлдөрү андай маалыматтарды төгүндөштү.

XS
SM
MD
LG