Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

"220 кыймылы" элди сары тасмаларды илүүгө чакырды


“220 кыймылы” жаңы тарифтерге жана стратегиялык объектилердин сатылышына каршы болгондордун колун топтоого киришти. Кечээ ошондой эле кыймыл элди жаңы тарифтерге каршы иш-чараларга катышууга чакырык жолдоду.

11-14-март аралыгында кыймыл жарандардын социалдык-экономикалык укуктарын коргоо максатында Бишкек шаарында автоунааларга, бак-шакка, кашааларга, эшиктерге, сумкаларга сары тасма илүү акциясын, Горький скверинде “Электрошок” концертин уюштурган атат. 11-мартта райондор аралык сотто карала турган тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу өкмөткө каршы адвокат Нурбек Токтакуновдун арызына колдоо көрсөтүүгө да үндөөдө.

Кыймыл иш-чараларды электр кубатына, жылуулукка тарифтерди төмөндөтүүнү, энергетика тармагын талкалагандардын жазаланышын каалагандар, мамлекеттик ишканалардын сатылышына каршы болгондор үчүн уюштурууда. Кыймылдын болжолунда азыр жапырт карапайым калктын социалдык-экономикалык укуктары тепселип жатат. (BuS)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG