Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:05

Евгений Гуревич Кыргызстандагы кызматтарын таштады


Бул тууралуу “MGN Group” тобун маалымат жактан камсыздоо боюнча “Флекси коммюникейшин” компаниясынын жетекчиси Вугар Халилов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Евгений Гуревичти камакка алуу боюнча Италия судьясы 28-февралда санкция бергенден кийин 1-мартта Евгений Гуревич Кыргызстанда ээлеген жетекчилик кызматтардан бошотуу арызын жазып берген. Гуревич Италия судьясы тарабынан коюлган айыптарды төгүнгө чыгарып, өзүнүн актыгын далилдөөгө аракет жасаарын билдирген. Италия судьясы Альдо Моргини Евгений Гуревич "Италия телеком" жана "Фаствеб" компанияларын 2 млрд. 700 млн. долларга алдап кеткен деп айыптап, Гуревичти камоого санкция чыгарган. Айрым маалыматтарга караганда, Евгений Гуревич азыркы мезгилде Кыргызстанда.
Евгений Гуревич жетектеген MGN Group компаниясы Кыргызстандын Социалдык фондунун, Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү фондунун активдерин башкаруу укугуна ээ болгон. Ошондой эле Гуревич Кыргызстандын Электр станциялар жана Манас аба майданынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.(AiT)

XS
SM
MD
LG