Шаардагы мурдагы оорукананы аялдарды ишкерликке үйрөтүүчү жана зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерге убактылуу башпаанек берүүчү борборго айландыруу үчүн АКШ өкмөтү 700 миң доллар бөлөт. Буга байланыштуу бүгүн Шопоков шаарында болуп өткөн иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Т. Гфэллер, Американын аскерлик башкы командачылыктын башчысы Д. Петреус, “Манас” аба майданына жайгашкан Транзиттик борбордун башчысы Б. Холт, Кыргызстан тараптан ЖКнын вице-спикери К. Исабеков, Чүй облусунун губернатору Б. Кумаров, Кыргызстан Аялдар конгрессинин жетекчиси З. Акбагышева катышты.(ZKo)