Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Студенттер альянсы: Тарифтерди көтөрүү мезгил талабы болгон


Бүгүн Кыргызстан студенттер альянсынын жетекчиси Данияр Жолдошев билдирүү таратып, тарифтердин көтөрүлүшү аргасыз кадам болгонун, антпесе 3-4 жылдан соң энергетика тармагы оор кризиске учурай турганын айтты. Анын ырасташынча, жылуулукка баалар жогорулаганы менен мамлекет колунда жокторго акчалай жардам көрсөтүүдө. Ал эми айрым адамдар мындай чараны өз кызыкчылыгында колдонуп, чагымчылыкка барышууда. Ошондой эле Д.Жолдошев “220” кыймылынын кымбаттоолордун айынан студенттер чет жактарга кетүүгө мажбур деген билдирүсү чындыкка коошпой турганын билдирген. Анын айтымында, студенттердин көбү тарифтердин көтөрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууда. (AiJu)

XS
SM
MD
LG