Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

АКШ: Былтыр дүйнөдө адам укуктары “орой бузулган” фактылар көбөйдү


Америка Кошмо Штаттардын Мамдепартаментинин жаңы отчетунда ушундай деп айтылат. Кечээ кечинде жарыяланган баяндамада былтыр үч негизги тенденция байкалганы көрсөтүлдү. Биринчиден, дүйнөдө “кыйноолор, адам өлтүрүү жана адамдын жалпы укуктары бузулган” учурлар көп катталды. Экинчиден, былтыр бейөкмөт уюмдарга каршы “катаал чектөөлөрдү” киргизген өлкөлөрдүн саны өстү. Бул экинчи жагдайды Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон өзгөчө бөлүп көрсөттү.

"Биз азыр дүйнөдө адам укуктарын коргоо багытында иштеген бейөкмөт уюмдарга каршы катуу чектөөлөрдү киргизген мамлекеттердин саны улам өсүп жатканын көрүп жатабыз", - деди мамкатчы Клинтон.

Баяндамада айтылгандай, 2008-жылдан бери бейөкмөт уюмдарды каттабай, аларга чет-өлкөлөрдөн финансылык колдоо алганга жолтоо болуп жаткан өлкөлөр 25 жеткен.

Документте айтылган үчүнчү жагдай колдоого муктаж топторго карата дискриминация күчөгөндүгү менен байланыштуу экени айтылды.

XS
SM
MD
LG