Социал-демократтар партиясынын Интернет сайтынын маалыматына караганда, Бишкек шаарында жана айрым облустарда «Азаттык» радиосунун программалары чыкпай калганына байланыштуу жана айрым интернет барактарды жабуу күчөгөндүктөн 15-мартта саат 16.00да пикет өтөт. Ал иш-чара ЕККУнун (ОБСЕ) кеңсесинин (Токтогул-Исанов) жанында болмокчу.
«Азаттыктын» программаларын (радиоберүүлөрү жана «Ыңгайсыз сурооолор», «Азаттык+» телекөрсөтүүлөрүн) алгач УТРКдан алып салышкан. Ал эми февралда Кызыл-Кыядагы «Роял», Таластагы «Мост» радиолору «Азаттык» менен ишин токтоткон. Ал эми 10-марттан тартып Бишкектеги «Манас жаңырыгы» телекомпаниясы, «ОК» радиосу жана Нарындагы «Алмаз» радиосу бийлик тараптан кысым болуп жатканын оозеки айтышып, «Азаттыктын» берүүлөрүн уктурбай калды. Улуттук байланыш агенттиги теле жана радиокомпанияларга эч кандай кысым болбогонун айтышууда. "Азаттыкка" кысым акыркы саясий окуяларга жана "MGN Group"тун мурдагы жетекчиси Е.Гуревичтин ишинен кийин катуулады.