Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Кытай улуттук акчасына тыштан жасалган басымды пайдасыз деп эсептейт


Бул тууралуу кытай өкмөт башчысы Вэнь Цзябао өлкө парламентинин жылдык сессиясы аякташына байланыштуу өткөрүлгөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Бээжин улуттук акча – юанды стабилдүү кармайт, анын наркын көтөрүү үчүн сырттан болгон кысым “пайда бербейт”.Кытайдын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири – АКШнын мыйзамгерлеринин көбү юандын наркы 40%ка чейин атайы арзандатылган деп эсептейт. АКШ президенти Барак Обама болсо Кытайдын рынок шартына ылайыкташкан алмашуу курсуна көчүүсү өтө маанилүү экенин билдирген. Ал эми кытай өкмөт башчысы Вэнь Цзябао бүгүнкү маалымат жыйында ошондой эле Бээжин Вашингтон аларды жана башка инвесторлорду ишенимин бекемдегидей “конкреттүү кадамдарды” жасоосун каалашарын белгиледи. Кытай өзүнүн чет элдик валюта резервинин 800 миллиард доллардан ашуунун АКШнын өкмөттүк баалуу кагаздарына инвестиция кылган.

XS
SM
MD
LG