Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

Грузин телеканалынын берүүсү оппозицияны кыжырлантты


Мындан улам оппозиция лидери, парламенттин мурдагы төрайымы Нино Буржанадзе ал жетектеген Бириккен Грузия – Демократиялык кыймыл партиясы “Имеди” телеканалын жана грузин бийлигин сотко берерин билдирди. Буга аталган телеканал ишемби күнү кечинде обого чыгарган репортаж түрткү берди. Ал репортажда Грузияда болушу ыктымал окуя катары Орусиянын танктары башкаала Тблисини көздөй жөнөгөнү, президент Михаил Саакашвили өлтүрүлгөнү, оппозициянын айрым лидерлери анын ичинде Нино Буржанадзе менен мурдагы өкмөт башчы Зураб Ногайдели орус тарап менен биригип, армияны төңкөрүшкө чакырып жатканы айтылган. Репортаж калкты да дүрбөлөңгө салып, тез жардам кызматтарына кайрылгандар саны көбөйгөн. Репортажда чагылдырылган тема Грузия кептелиши ыктымал окуя экени башында кыска айтылганы менен обого кетип жатканда жалган экени тууралуу эч кандай эскертүү жасалган эмес.

XS
SM
MD
LG