Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

"Фридом Хаус" кыргыз бийлигин ММКга мамилени жумшартууга чакырды


Саясий укуктардын абалын изилдөөчү бул уюм АКШнын өкмөтү каржылаган маалымат каражаттарынын өткөн аптада токтотулушунан улам Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына тынчсыздануусун билдирди. «Манас жаңырыгы» шаршембиде Азаттыктын теле берүүлөрүн көрсөтүүнү токтоткон. Кыргызстанда "Азаттык" менен шериктеш төрт радио бекети, америкалык эмес эки интернет сайты жабылып калды. "Фридом Хаус" Кыргызстан бир кездерде Борбор Азияда сабырдуулуктун, сөз эркиндигинин жана демократиялык жараяндын үлгүсү болгондугун эскертип, кыргыз өкмөтүн мындай стандарттарды урматтай тургандыгын ырастоого чакырды.

XS
SM
MD
LG