Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Түрк премьери өлкөдөн мыйзамсыз иштеген армяндар чыгарыларын эскертүүдө


Режеп Тайып Эрдоган мындай эскертүүнү Осмон империясы учурунда армяндардын кырылышы айрым өлкөлөрдө геноцид катары бааланып жатышынан улам кырдаал чыңалган учурда жасады. Ал Би- Би- Синин түрк кызматына билдиргендей, эми өлкөдө100 миңдей армяндын уруксатсыз иштөөсүнө чыдоого болбой калуусу мүмкүн. Түрк өкмөт башчысы белгилегендей, Швеция парламентинин, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын комитетинин армян кыргынын геноцид деп атоосу Түркия менен Армениянын элдешүү боюнча ансыз деле олку-солку болуп турган жараянга зыян тийгизет.

Армяндар Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Осмон империясы тарабынан 1,5 миллионго чейин армян кырылган деп ырастайт. Түркия болсо мындай эсепке макул эмес жана армяндардын өлүмү ошол учурда башка этникалык тайпаларды да камтыган кыянатчылыктардын натыйжасы деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG