Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

А.Турдумаматов: Элдик курултайдын чечимдери каралат


Президенттин басма сөз катчысы Алмаз Турдумаматов бүгүнкү оппозиция өткөргөн Элдик курултайдын чечимдери, бийликке койгон талаптары туурасында маалымат аларга райсмий түрдө келип түшө электигин “Азаттыкка” билдирди. “Кандай гана чечим болбосун алардын аткарылышы мыйзамдын чегинде жүрүшү керек. Бүгүнкү курултай тынч, мыйзамдын негизинде өттү. Ал жерде айтылган сөздөр боюнча менде толук маалымат жок. Бирок баары мыйзам чегинде болсо, алар кабыл алган резолюция бизге жөнөтүлгөн болсо бул жакта каралат”, - дейт А.Турдумаматов. (КЕ)

XS
SM
MD
LG