Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Ошто көк бөрү боюнча финалда “Бөрүлү” жеңди


Бул тууралуу “Көк бөрү” федерациясынын маалымат катчысы Табылды Асыгалиев “Азаттыкка” билдирди. Көк бөрү боюнча Президенттин кубогу үчүн мелдеште финалга “Бөрүлү” командасы менен “Дордой” командасы чыккан эле. Жыйынтыкта “Бөрүлүнүн” улакчылары тай казанга көбүрөөк улак таштап, байгеге коюлган бир миллион сомду утуп алышты.

Көк бөрү оюнуна өлкө түштүгүндө иш-сапары менен жүргөн президент Курманбек Бакиев да күбө болуп, баш байгени жеңүүчүлөргө өзү тапшырды.

Ош шаарынын ипподромунда андан тышкары ат чабыш, кыз куумай, тыйын эңмей оюндары да өткөрүлдү. (IJz)

XS
SM
MD
LG