Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Израилге төрттүктөн соң БУУнун башкатчысы кайрылды


БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун (оңдо) Палестин автономиясынын премьер-министри Салам Фаяд (солдо) Рамалла шаарында. Батыш Иордан. 20-март, 2010
БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун (оңдо) Палестин автономиясынын премьер-министри Салам Фаяд (солдо) Рамалла шаарында. Батыш Иордан. 20-март, 2010

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун 21-мартта Израил өкмөтүн Газаны камоону токтотууга жана палестиндер менен түз сүйлөшүүгө чакырды.

2007-жылы июнда Газадагы бийликти ХАМАС басып алгандан тарта тилке Израилдин камоосунда. Израил прмеьер-министри Бенямин Нетаняху болсо АКШнын үндөөсүнө карабай Чыгыш Иерусалимдеги басып алган жерлерде жаңы жөөт маалесин курууну токтотуудан баш тартып жатат.

Израилдин Чыгыш Иерусалимде жаңы турак үйлөрдүү планы өлкөнүн АКШ менен болгон мамилесин осолдотуп жиберген.



Палестиндер израилдиктердин авиачабуулунан кыйраган сарайды көрүшүүдө. Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус лагери. 12-март 2010
Израилди палестин калктуу Газа тилкесин камоого алууну токтотуу жөнүндөгү чакырууну БУУнун башкатчысы 21-мартта Газага барганда жасады. “Мен премьер-министр Нетаняхуну бардык чектөөлөрдү алып салууга кайра чакырам”, деди Пан Ги Мун Израилдин өкмөт башчсына кайрылып.

Исламчыл ХАМАС кыймылы 2007-жылы жайында Газадагы бийликти дүниябий ФАТА партиясынан тартып алган. Ошондон тарта палестин калктуу аймак Израилдин камоосунда.

Пан Ги Мун 21-марттагы сапары учурунда Израилди Чыгыш Иерусалимде жөөттөр үчүн 1600 турак-жай куруу планыдан баш тартууга да үндөдү.

Жакынкы Чыгыш чатагын жөндөө боюнча төрттүк да жума күнү Москвада өткөн жыйында Израил жана Палестин автономиясынын жетекчилигине жогорудагыдай өтүнүч менен кайрылган. Төрттүккө БУУ, АКШ, Россия жана Евробримдик кирет.

Төрттүктүн 19-марттагы кайрылуусуна БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун жогорку баасын берди:
ХАМАС согушчан кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири Махмуд ал-Мабхухтун урматына өткөрүлгөн аскерий парад учурунда. Газа тилкесиндеги Жабалия качкындар лагери. 17-февраль 2010


-Төртилтик өтө күчтүү кайрылуу жасады. Бул, менин оюмча, төрттүк акыркы эки-үч жылда жасаган абдан маанилүү жана күчтүү билдирүү болду. Мен эки жак, өзгөчө Израил бийликтери бул кайрылууга жана эл аралык коомчулуктун, айрыкча, төрттүктүн үндөөсүнө кулак түрөт ден чын жүрөктөн үмүт кылам.

Израил жана Палестин тараптын өз ара сүйлөшүүнү токтотконуна бир жылдан ашып кетти.

21-мартта АКШнын атайын чабарманы Жорж Митчелл Жакынкы Чыгышка кайра келди. Митчеллдин максаты Израил өкмөтүн Жакынкы Чыгыш боюнча төрттүктүн кайрылуусуна көндүрүү. Бирок 21-мартта премьер-министр Нетаняху Израил Чыгыш Иерусалимде жаңы үйлөрдү курууга тыйуу салбасын маалымдады. Бирок ал Израил палестиндер менен түз эмес сүйлөшүүгө барууга, анын ичинде эки жакты араздаштырган маселелерди арачылар аркылуу талкуулоого даяр экенин айтты.

Чыгыш Иерусалим палестиндер үчүн өтө талуу маселе. Себеби алар Чыгыш Иерусалимди болочокто өз мамлекетинин байтакты катары көрүшөт.

Израил премьери бир нече күн илгери Чыгыш Иерусалимдин статусу, Палестин мамлекетинин болочок чек арасы жана палестин качкындарын журтуна кайтаруу маселесин түз сүйлөшүүлөргө чейин талкуулаганды каалабасын билдирген эле.

Израилдин Чыгыш Иерусалимде жаңы турак үйлөрдүү планы өлкөнүн АКШ менен болгон мамилесин осолдотуп жиберген. Мындай планды Израил өкмөтү марттын экинчи жумасында АКШ вице-президенти Джо Байден Израил-Палестин сүйлөшүүлөрүн улантуу максатында Жакынкы Чыгышка барган тушта жарыялаган.

Бенямин Нетаняху 21-мартта АКШга сапар алды. Ал 23-мартта Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама менен кездешет.

XS
SM
MD
LG