Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Курултайдын төр кеңеши шайланды


Ынтымак курултайынын жобосуна ылайык Курултайдын төркеңеши (президиум) 17 кишиден турат. Ага ар бир аймактан өкүлдөр, сыртта иштеген кыргызстандыктардан бир өкүл, диний конфессиялардан бир, президенттик квота менен келгендерден бир, коомдук уюмдардан бир, чыгармачыл жана башка топтордон бирден өкүл шайлоо учурунда да делегаттардын арасында пикир келишпестиктер жаралды. Аягында көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен Чүйдөн Апаз Жумагулов, Баткенден Эрмекбай Топчубаев, Ысык-Көлдөн Мурат Жетимишбаев, Жалал-Абат облусунан Абдыжапар Тагаев, Таластан Камалбек Дарданов, Нарындан Кайып Калназаров, Ош облусунан Сурма Абдразакова, Ош шаарынан Давран Сабиров, Бишкек шаарынан Абдыразак Мокенов, эмгек мигранттарынан Авазбек Мийзамбеков, диний конфессиялардан Мураталы ажы Жуманов, коомдук уюмдардан Ишенбай Абдыразаков, жаштардан Сабырбек Заиров, чыгармачыл топтон Түгөлбай Казаков, ишкерлерден Валерий Диль, улуттар ассамблеясынан Жаңыл Түмөнбаева шайланды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG