Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Д.Чотонов: Кыргызстанда жаңы система түзүү милдети турат


Д.Чотонов: Кыргызстан 5 жылда жоготууларга бай болду
Д.Чотонов: Кыргызстан 5 жылда жоготууларга бай болду

2005 - жылы 24-мартта Кыргызстанда мамлекеттик бийликти алмаштыруунун активдүү катышуучуларынын бири, “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Дүйшөнкул Чотонов “Азаттыкка” курган маегинде март окуясына өз баасын берди.

- Биз кыргыз эли, кыргыздын ошол убактагы оппозициясы жаңы чакырыктарга, өзгөрүүлөргө даяр эмес экенбиз. Биз биригип системаны өзгөртүп, жаңы мамлекет түзүп кете албадык.Үсөн Сыдыковго, Бакиевге окшогондор элдин бийлигин уурдап алып коюшту.

Бул эмнени көргөзөт? Бул ошол убактагы биздин оппозициянын саясий жактан, интеллектуалдык жактан даяр эмес экендигин, өсө элек экендигин, мүмкүн революция эрте болуп калгандыгын көрсөтөт.

Биз бүгүнкү күндө президентти, өкмөттү сындап жатабыз, оппозиция бири-бирибизди тааныйбыз, элдин жалпы психологиясын деле билебиз. Жетимиш жылдык советтик коомдо жашап келип, андан кийин 15 жылдык либералдык реформадан, жапайы капитализмден өтүп, акча гана чечет деген психология үстөмдүк кылып, пейил кризисин өтө терең деңгээлде басып өткөндөн кийинки коомубуздун абалы – биздин бүгүнкү жашап жатканыбыздын күзгүсү.
Кыргыз оппозициясы жаңы чакырыктарга, өзгөрүүлөргө даяр эмес экенбиз...

- 24-мартта саясий бийлик алмашты. Сиз элдин бийлигин орнотконуңар ишке ашпай калганын канчадан кийин сездиңиз?

- 1-мартта Бакиевдин президент болуусуна мен каршы болгом. 6-мартта мен өз оюмда турдум. 24-мартта Ө.Текебаев “Ата Мекен” партиясы К.Бакиевдин президент болуусуна каршы экендигин расмий түрдө айтты. Себеби биз аны [К.Бакиевди] билет элек. Бирок бирин-экин үн гана ошондой болду. Калган оппозициянын 90 % бардыгы колдоп кетишти. Мага окшогон эки-үчөөбүздү чыккынчылар деп жарыялап жиберишти. Биз ошондо эле революцияны уурдатып жибергенибизди сездик.

К.Бакиевдин 2003-жылкы Аксы окуясына тиешеси бар экендигин, Сохтон меморандумга кол коюп кыргыздын жерин берип жибергендигин билебиз да. Мен ал кишинин мүнөзүн жакшы түшүнөм, чогуу депутат болдук, менин ал кишиге адам катары эч кандай кинем жок. Бирок аны депутат, премьер-министр болуп иштеген жетекчи катары бир топ кинелерим бар болчу. Анын улут атасы, президент болгонго жөндөмү жетпегендигин билчүбүз.

Тилекке каршы, биз өз оюбузду чогуу жүргөн санаалаштарыбызга жеткире албадык. Акылдуу эле адамдар ушул президентикке жарайт деп кыйкырып турса, мүмкүн биз жаңылып жаткандырбыз, К.Бакиев жакшы иштеп кетээр деген үмүт бизде 2005-жылдын жай айларына чейин болду. Андан кийин өзүңүз билгендей өлтүрүүлөр башталды.

- 24-мартта К.Бакиев бийликке келди. Демек, Сиз 2005-жылдын жайына чейин, тактап айтканда президенттик шайлоого чейин президент Бакиевге өзүңүздүн симпатияңызды жоготпой турдуңузбу?

- Ооба, ал кишиге карата симпатиямды жоготпой, үмүт менен турдук. Бирок биз оппозициялык маанайда каршы иш жүргүзө баштадык. 2005-жылы Ошто мен өзүм губернатор болуп, Ош шаарына өзүз ишенген балдардан мэр дайындап, бийликти толугу менен колго алып, К.Бакиевди президенттикке шайлоого ачыктан-ачык каршы чыгууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Себеп дегенде көпчүлүк бизди көзөмөлдөп турган. Бирок биз ошону жасаган жокпуз, жасай алган жокпуз. Мен айткандай, жаш экенбиз, тажрыйба жок экен. Биз өз жеңишибизди уурдатып жибердик.
К.Бакиевдин улут атасы-президент болгонго жөндөмү жетпегендигин билчүбүз...

Эми андан бери беш жылдык өмүр өттү. Бизге чоң турмуштук тажрыйба болду. Турмуштук сыноо бизди тегирменге таштап жиберди, кээ бирлери сынып жок болду, кээ бирлерибиздин чачыбыз агарды, кээ бирөөлөр атылып кетти. Тарыхта революция өзүнүн балдарын жеген. Ушул аксиомалуу мыйзам ченемдүүлүк ишке ашты. Биз кыргыздар жасаган ишибизден жыйынтык чыгара албай кадык. Менин өкүнгөнүм ошол.

Революциянын эки эле негизги идеялык урааны болгон. Биринчи, үй-бүлөлүк системаны жок кылабыз, экинчи, коррупцияны жок кылабыз деген. Тескерисинче, бүгүнкү күндө кыргыздын байлыгынын баары сатылды. Бүгүнкү күндө биз эмнеге келдик – А.Акаевдин башкаруусу үй бүлөлүк-кландык болсо, К.Бакиев үй бүлөлүк-криминалдык система орнотту.
Д.Чотонов: бийликти алып келгендердин биримин жана күрөшүүгө милдеттүүмүн

- Революция болду, тарыхтан аны чийип салууга болбойт. Позитивдүү кандай өзгөрүү болду?

Албетте, чийип сала албайбыз. Позитивдүү нерсе – көпчүлүк кыргыздын аң-сезиминде кичинекей "революция" болду. Борбор Азияда, бир тарапта Кытай башка тарапта Өзбекстан, Казакстан, төмөн жакта Пакистан турган аймактагы кичинекей тоолук кыргыз эли алдыга кадам шилтегенге аракет кылганына, демократиялык-цивилизациялык мамлекет болгонго бизде мүмкүнчүлүк, күч бар экенине аз да болсо ишенип калдык. Менин сүйүнгөнүм ушунда. Бул элдин аң-сезимине себилген кичинекей үрөн бүгүн болбосо эртең өсүп чыгат.
Балким кыргыз эли ушундай сыноодон өтүшүбүз керек беле?... Мындан кандай сабак алабыз – бул башка сөз.

- Сиздин оюңузча негативдүү эмнелер болду?

- Кыргызстан канча бир жылга артка кетти. А.Акаевдин тушунда, азыркы учурда дагы оппозицияда болдум. Экөөнө тең сын көз менен карадым. Кыскача айтканда, биз мурдагы жетишкендиктерди – экономикалык, демократиялык принциптерди өнүктүрүүдө көп артка чегиндик.

- Революциядан кийинки Кыргызстандын турмушу жетишкендиктерге караганда жоготууларга бай болду дейсизби?

- Жоготууларга бай болду. Кээ бир нерселерден уттук, бирок көп нерселерди уттурдук. Кыргызстанда мамлекеттик бюджет эки эсе өстү деген экономикалык көрсөткүчтөр айтылып жатат. Маселен, бул көрсөткүч Тажикстанда эки эсе, калган пост-советтик өлкөлөрдө беш эседен өстү. Бул көрсөткүчтү чоң жетишкендик катары эсептөөгө болбойт. Бизде маңкурттук-кулдук психология өстү, Кыргызстанда президент баш болуп калп айтып койсо боло берет, алдамчынын заманы деген идеология толугу менен орноду. Эң жоготкон нерселерибиз ушулар, биздин тегибизге доо кете баштады.
...кыргыздын аң-сезиминде кичинекей “революция” болду...

Бийлик криминалга таянып Кыргызстанды ачыктан-ачык коркутуу менен гана кармап турат. Мурдагы бийликтин тушунда саясий оюндун кандайдыр бир эрежелери бар болчу. Менин үй-бүлөмдү уурдап кетет, же өлтүрүп кетет деп коркчу эмеспиз. Саясий көз карашың үчүн атып кетип, же атып кетебиз деп коркутчу эмес. Саясий күрөштүн кандайдыр бир чеги бар болчу. Азыр болсо чек жок, эч нерсеге кепилдик жок. Мен жеке керт башым, үй бүлөмдүн коопсуздугуна ишенбейм. Көп патриот саясатчылардын, ишкерлердин өз көз карашын ачык айта албай жатканы, Кыргызстандан чет жакка качып кетүүсү ушундан.

- Сиз дагы үй бүлөңүздүн коопсуздугун камсыз кылуу аракетин көрдүңүзбү? Эгер коркутуп-үркүтүүлөр күчөсө чет жакка кетүүгө мажбур болосузбу?

- Үй-бүлөмдү качырышым мүмкүн, балдарым менин саясий көз карашым, ишмердүүлүгүм үчүн жапа чегишин каалабайм. Ал эми жеке өзүм бул жолду аңдап тандап алдым. Мен ушул бийликти өзүм каалабасам да алып келгендердин биримин жана күрөшүүгө милдеттүүмүн. Бул менин жашоодогу кредом. Иштеп кете турган бир адамды эмес, бир системаны түзүп койсок деген милдет турат.

Бийликти Кыргызстанда бир адамдын колуна, же бир гана парламентке берип койгонго болбойт. Кыргызстанга ылайык бир системаны түзүүнүн долбоорун даярдадык. Ал долбоорду оппозициялык күчтөрдүн бардагы жактырып, кол койгон. Биз ошол долбоорду Кыргызстанда ишке ашырып, жаңы системаны өзгөртпөй өнүктүрүүгө кепил болчу механизмдерди орноткубуз келет.

(Маектин экинчи бөлүгү жакынкы күндөрү жарыяланат)
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG