Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

К.Орозова: Баткенде чек ара маселеси курчуп баратат


Бул тууралуу билдирген парламенттеги СДП фракциясынан депутат Карамат Орозова Баткен облусунда чек ара маселелеринен улам чыр-чатактар чыгып тураарын, Сох анклавын Өзбекстандын чек арачылары кайтарарын белгилеп, чек ара маселеси канча мөөнөттө бүтөөрүн өкмөт башчыдан сурады. Премьер-министр Данияр Үсөнов түштүктө чек ара маселесин кароо апрель айында башталып, ар бир метр жер кылдат такталып, делимитация жана демаркациялоо качан аягына чыгарын айтуу кыйын экенин белгиледи.
Депутат Карамат Орозова Камбар-Ата-2 ГЭСинде 1500 жумушчу иши жок отурушканынын себебине кызыкты. Өкмөт башчы Камбар-Ата-2 ГЭСинде бетон куйуу иштерине көп жумушчулар тартылганын, азыр монтаждоо иштери жүргүзүлүп, жумушчулардын саны кыскарганын айтып, ишсиз жумушчуларды Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна тартуу маселеси каралып жатканын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG