Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:45

Араб лидерлери "Иерусалимди жөөттөштүрүү" аракеттерине каршы


Араб жетекчилери Израиль конуштарды курууну токтотмоюнча, Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданбайт деп билдиришти. Ливияда аяктаган саммитте Араб Лигасынын лидерлери президент Обаманы жөөт конуштарынын тургузулушуна каршы турумунан тайбоого үндөштү. Үстүбүздөгү айда Израиль Иерусалимдин чыгышында 1 миң 600 турак жай курууну чечкен. Иерусалим шаарын палестиналыктар болочок Палестин мамлекетинин борбору катары эсептешет. Араб лидерлери Израилдин “Иерусалимди жөөттөштүрүү” аракеттерине саясий жана мыйзамдык чара көрүү жөнүндө макулдашты. Шаардын чыгышындагы арабдарды колдоого 500 миллион доллар бөлүнүп бермекчи.

XS
SM
MD
LG