Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

Тажикстанда таанымал колбашчы көз жумду


“Эркин Европа/ Азаттык” радиосунун тажик кызматынын маалыматына караганда, 1992-жылы азыркы президент Эмомали Рахмонду бийликке алып келген Элдик фронттун мурдагы командири Салмон Лангариев Куляб шаарында 84 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Түрмө кайтаруучунун кызматынан эс алууга кеткен Салмон Лангариев армиянын катарына 1992-жылы жарандык согуш башталганда кошулган. Анын мурда милицияда иштеген улуу баласы Лангари Лангариев да Элдик фронттун исламчыл оппозиция менен согушкан негизги колбашчыларынын бири болгон. Ал 1993-жылы урушта алган жараатынан каза тапкан.

Ал эми экинчи уулу, генерал Файзали Лангариев - Тажикстандын коргоо министрлигинин жогорку даражалуу офицери. Үчүнчү уулу, полковник Бахтиор Лангариев ички иштер министрлигинин атайын багыттагы күчтөрүнүн башкарган.

2008-жылдын май айында Куляб шаарындагы үйүндө 16 саатка созулган уруштан кийин Тажикстандын коопсуздук министрлиги Салмон Лангариевдин эң кичүү уулу Сухробду камакка алган болчу. Анда баласынын куралын таштоосуна атасы көндүргөн. Сухроб Лангариевге кийинчерээк наркоаткезчиликке катышы бар, курал алып жүргөн деген айыптар коюлган.
Ушул окуядан кийин Лангариевдин ички иштер министрлигинде иштеген уулу Бахтиор Тажикстандан качып кеткен, азыр кайсыл жерде экени белгисиз. Салмон Лангариевдин өзү “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген соңку интервьюсунда ал президент Эмомали Рахмон менен кездешип, ага уулдары саткынчы эмес экенин түшүндүрүп берүүнү көздөөрүн айткан болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG