Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

“60 тыйынсыз байланыш” кыймылы акция өткөрөт


Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Урмат Казакпаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 6-апрелде Ак үйдүн алдында “Биз уюлдук кошулууга алынган 60 тыйынга каршыбыз” деген жазууларды кийимине чаптаган акциянын катышуучулары сүрөткө түшөт. Дал ушундай акцияны кыймыл мүчөлөрү 24-февралда өткөргөн. У.Казакпаевдин айтымында, 29-мартта алар Өкмөт үйүнүн алдында пикет өткөрүүнү чечишкен, бирок буга Биринчи май райондук соту тарабынан тыюу салынган.

Кыргызстанда 1-февралдан тарта уюлдук байланыш 60 тыйынга кымбаттаган. Уюлдук байланыш компаниялары өлкөдө орун алган кымбаттоолордон улам аргасыз ушундай кадамга барганын айтышкан. (AiJu)

XS
SM
MD
LG