Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Кыргыз оппозициясы эл аралык коомчулукка кайрылды


Кайрылууда эл аралык коомчулук Кыргызстанда мыйзамдуу бийлик эмес, жарыяланбаган төңкөрүш жасаган кландык режим менен мамиле кылып жатканын билиш керек деп айтылган. ЕККУ демократиялык эмес деп тааныган Кыргызстандагы президенттик шайлоодон кийин мыйзамсыз, укуктарга туура келбеген структуралар түзүлүп, өкмөт, башка мамлекеттик органдар эч нерсе чечпей калганы, бюджетти, гранттарды, насыяларды пайдалануу Максим Бакиев жана анын айланасындагылардын колуна топтолгону, ал эми анын айланасындагылар эл аралык мафиялык топтор менен байланышы бар экени белгиленген. Бул топ өлкөнүн стратегиялык ишканаларын менчиктештирди. Эл негизсиз көтөрүлгөн тарифтерден жабыркоодо.
Мындай шартта Бакиевдин кландык режимине финансылык салым салуу бийликтин системдүү кризисин колдоо катары бааланат. Ал эми анын үй-бүлө мүчөлөрү менен мамиле түзүү элдин кызыкчылыгына каршы. Ал юридикалык жактан да, моралдык жактан кабыл алгыс, деп жыйынтыкталган билдирүү.
Ал эми Курманбек Бакиев 23-мартта Ынтымак курултайында сүйлөгөн сөзүндө кыргыз оппозициясы негизсиз сындоо менен гана алек деп билдирген.(AiT)

XS
SM
MD
LG