Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Кыргызстандык укук коргоочулар Пан Ги Мунга кайрылуу даярдашты


Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Анын айтымында, Пан Ги Мундун Кыргызстандагы сапарын уюштурган Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги Баш катчы менен жергиликтүү укук коргоочулардын жолугушуусун караштырган эмес. Бул Пан Ги Мун мырзанын күн тартиби өтө тыкыс болушу менен байланыштырылган. Кыргызстандык укук коргоочулар өз кайрылуусунда Кыргызстанда акыркы мезгилде адам укуктарын сактоонун начарлашы, акыркы төрт жылда 58 журналистке кол салуу болгону, Алишер Саипов жана Геннадий Павлюкту өлтүргөндөр ушул кезге чейин табылбаганы жана маалымат каражаттарынын жабылышы, анын ичинде “Азаттыка” радиосунун чыгуусуна тоскоолдук жасалышы, кыйноолор орун алып жатышы айтылат. Укук коргоочулар бул мазмундагы кайрылууну БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун өз колуна тапшыруунун жолдорун издеп жатышат. Пан Ги Мун мырза Кыргызстанга 3-апрелде келет.(AiT)

XS
SM
MD
LG