Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Петровка чатагы боюнча сот аяктап калды


Петровка чатагы боюнча бүгүнкү соттук териштирүүдө 7 айыпталуучу, адвокаттар жана прокурорлор жарыш сөзгө чыгышты. Айыпталуучулар өздөрүнө тагылып жаткан күнөөлөр негизсиз экендигин билдиришти. “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев өзүнө коюлган айып атайылап, саясий максат менен жасалгандыгын, Петровка чатагына эч кандай тиешеси жоктугун айтты. Э. Бөлөкбаевдин адвокаты Наргиза Абдылдаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүнкү жараяндан кийин чечим чыгарууга кеткен сот келерки сот жараяны качан болорун маалымдаган жок. Акыркы бир жумадан бери сот өтүп жаткан имарат милициянын катуу көзөмөлүнө алынып жатканын белгилеген адвокат соттун бул аракетин атайын “эл чогулбасын” деген максатта жасалып жатат деп эсептейт.
Өткөн жумада мамлекеттик айыптоочулар Петровка чатагы боюнча айыпталып жаткан үч саясий ишмер: “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди, укук коргоочулар Сапар Аргынбаев менен Уран Рыскуловду сегиз жылдан эркинен ажыратууну соттон сурашкан.
Өткөн жылы 26-апрелде 4 жашар кызды зордуктаган күрт жигиттин ээн-эркин, жазасыз басып жүргөнүнө нааразы болгон жергиликтүү эл нааразылык билдирип, күрт тургундарын айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Натыйжада баш-аламандык чыгып, бир нече күрттүн үйү талкаланган. Бул окуяга тиешеси бар деген айып менен эртеси күнү Э. Бөлөкбаев, С. Аргынбаев жана У. Рыскулов камакка алынышкан. Петровка чатагынын келип чыгышына негиз бергендиги үчүн Москва районунун акими, райондук прокурор, РИИБнүн жетекчиси президенттин көрсөтмөсү менен кызматынан алынышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG