Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Президент Карзай Ак Үйгө эмне үчүн телефон чалды?


Президент Карзай Кабылда көз карандысыз шайлоо комиссиясында сүйлөп жатат. 1-апрель 2010
Президент Карзай Кабылда көз карандысыз шайлоо комиссиясында сүйлөп жатат. 1-апрель 2010

Хамид Карзай былтыркы президенттик шайлоого байланыштуу айткан сөзүн жымсалдоо үчүн АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтонго телефон чалды. Эмне үчүн?

Ооганстандын президенти Х. Карзай 1-апрелде Борборшайлоомдун мүчөлөрү менен болгон жыйында чет элдик элчиликтерди анын бийлигин алсыздандыруу үчүн былтыркы президенттик жана провинциалдык шайлоо учурунда саясый өнөктүккө киришип, паракорлукка чейин барышты деген эле:

-Чет элдиктердин түрдүү иштерге баруу себеби, алар өздөрүнө кол бала болгон режимди каалашты. Кызматчы болгон өкмөттү каалашты же өлкөдө башкача жагдай түзүүнү каалашты. Кудайга шүгүр, элибиз баарынан кабардар, комиссия, анын бийик даражалуу жана башка мүчөлөрү өз мекенчилдигин көрсөттү.

Хамид Карзай өз сөзүндө айрыкча БУУнун миссиясынын мурдакы орун басар башчысы Питер Гэлбрейтти жана Евробиримдиктин байкоочулар миссиясынын башчысы Филипп Мориллонду добуш берүүнү бурмаламак болду деп да күнөөлөгөн болчу.

АКШлык жоокерлер Кандагардагы жолду күзөтүп турушат. 1-апрель 2010
Президент Карзайдын өкүлү Вахид Умар чатакты жымсалдоо үчүн Ооган лидеринин сөзү жаңылыш түшүнүлгөнүн, Хамид Карзай жөн эле “эл аралык коомчулуктун көңүлүн Ооган эли менен Ооган өкмөтүнүн көйгөйүнө бургусу келгенин” маалымдады.

Вашингтондо Карзайдын комментарийин “негизсиз” деп аташып, “чындап кооптондуруу” жаратканын ошол замат айтышкан.

”Биз мындай бүтүмгө макул эмеспиз. Биз президент Карзай башындагы өкмөттүн бардык деңгээлде, улуттук деңгээлде эффективдүү иштөөсүн каалайбыз,” -деп билдирген эле Мамлекеттик департаменттин өкүлү Кровлей.

Анын ишемби күнү билдиргенине караганда, президент Хамид Карзай Мамкатчы Хиллари Клинтон менен болгоне 25 мүнөттүк телефон сүйлөшүүсү учурунда АКШ-Ооганстан кызматташуусун бекем колдоорун айтып, “эл аралык коомчулуктун Ооганстандагы салымы жана курмандыктары үчүн” Клинтон айымга ыраазычылык билдирген.

Кровлейдин сөзүнчө, Карзай жана Клинтон айым “кызматташтыктын руху” үчүн чогуу иштешели деп макулдашкан.

Ооганстандын шайлоо комиссиясы Карзайды 20-августтагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялаган. Бирок экинчи талапкер Абдулла Абдулла добуштар орой кошуп жазылганын айтып чыккандан кийин, БУУ колдогон көзкарандысыз комиссия Карзайды кайра шайлоого барууга мажбурлаган. Кийинки турга Абдулла өз ыктыяры менен катышпай койгон. Гэлбрейт добуштардын 30 процентке жакыны Карзайга кошуп жазылганын айтып чыккан жана БУУнун комиссиясы 1 миллиондой добушту жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG