Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Ошто оппозиция өкүлүн сабап кетишти


Сабалган Абдыкайым Кангелдиевдин абалы оор бойдон. Ош, 2010-жылдын 4-апрели.
Сабалган Абдыкайым Кангелдиевдин абалы оор бойдон. Ош, 2010-жылдын 4-апрели.

3-апрелде кечке маал Ошто Элдик курултайдын облустук уюштуруу комитетинин төрага орун басары, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Абдыкайым Кангелдиевди белгисиз бирөөлөр сабап кетишти.

Мээси чайкалып, бети-башы жарылып, көзү катуу запкы жеген аймактык оппозиция жолбашчысынын саламатчылыгы оор бойдон калууда.
Бул - накта саясий буюртма.
Т. Келдибаев

Элдик курултайдын Ош облустук уюштуруу комитетинин төрагасы Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, аны 3-апрелде саат түшкү экиге түштүк баш калаасынын милициясына күтүүсүздөн чакырышкан.
Төлөгөн Келдибаев

- Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Курстан Асановдун кабыл алуусунда болдум. Көп маселелерди талашып-тартыштык. Ал ошол жерде “Бир эки-үч саттан кийин Абдыкайым Кангелдиев менен 7-апрелге белгиленген Элдик курултай жөнүндө сүйлөшөм” деп айтты эле.

Төлөгөн Келдибаев милициянын өкүлүнө жолугуп чыккандан кийин саат 17.00 чамасында өзүнүн орун басары Абдыкайым Кангелдиевге учурагандыгын ачыктады:

- Абдыкайым Кангелдиев экөөбүз саясий иштерибизди бир саатча талкууладык. Анан саат кечки алты ченде тарап кеткенбиз. Баса сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал “Ички иштер башкармалыгына мени саат 16.00гө чакыртышкан экен, баруудан баш тарттым” деди. Бирок кимге ошенткенин ачык айткан жок.

Элдик курултайдын Ош облустук уюштуруу комитетинин эки жетекчиси коштошкондон көп убакыт өтпөй кечке маал, саат 19.00гө чукул Ош шаарындагы үйүнөн алыс эмес жерде Абдыкайым Кангелдиевди белгисиз бирөөлөр сабап кетишкендиги тууралуу кызы атасынын тааныштарына кабарлаган. Жергиликтүү оппозициянын активисттери чогулганда, укук коргоочу канга боёлгон бойдон үйүнө араң жетип, эс-учун жоготкон маалы эле. Ошол себептүү дароо тез жардам чакыртылып, Ош шаарынын борбордук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.
Абдыкайым Кангелдиев сабалган жер

Кырсыкты Элдик курултайдын Ош облустук уюштуруу комитетинин төрагасы Төлөгөн Келдибаев төмөнкүчө түкшүмөлдөдү:

- Бул накта саясий буюртма. Азыркы режим ушундай жол менен бийлигин сактап калам деп ойлоп жатат.

Ал эми Бириккен элдик кыймылдын Оштогу өкүлү Абдымамет Закиров аймактагы оппозиция жолбашчыларынын биринин күндүзү токмоктолушуна криминалдык чөйрө менен жуурулушкан жергиликтүү бийлик күнөөлүү деп эсептейт.
Ош ШИИБи азырынча бул окуяны катардагы кылмыштардын бири катары баалап жатат...

- Абдыкайым Кангелдиев адилеттүүлүк издеген жигит эле. Ошону үчүн аны бандиттерге чаптырып жатышат, - деп тызылдады БЭКтин Оштогу өкүлү Абдымамет Закиров. – Мынабул ички иштер башкармалагына ишенчилик жок. Өткөндө жергиликтүү бир катар саясатчылар жана укук коргоочулар мэрге жана губернаторго жолукканыбызда, “Коопсуздугуңардан мынчалык чочуласаңар, өзүңөр жансакчы жалдап албайсыңарбы?!” деп айтышкан эле. Демек, булар криминалдашкан чөйрөнү колдонуп, элди коркутабыз деп ушундай уруп-сабоолорду уюштурушууда. Опузалоо менен алар биздин мизибизди майтара алышпайт. Ушинтип ойлошсо, терең жаңылышат. Ансыз деле элдин кыжыры кайнап, 7-апрелде жапырт көтөрүлгөнү турат.
Абдыкайым Кангелдиевдин канга боёлгон кийимдери

Антсе да Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуя боюнча билдирүү жасай элек. Бирок мекеме жетекчилиги фактынын негизинде тергөө амалдары башталгандыгын айтып, азырынча муну адаттагыдай эле кылмыштардын бири катары баалап жатат.

Ош шаардык ооруканасынын нейрохирург-дарыгери Кадыр Козубаев Абдыкайым Кангелдиевдин мээси чайкалып, бети-башы жарылып, көздөрү катуу жабыркагандыгын билдирди. Айрым маалыматтарга караганда, ушул тапта оппозициячыл саясатчынын жана укук коргоочунун саламатчылыгы оор бойдон калууда.

Абдыкайым Кангелдиев - Элдик курултайдын Ош облустук уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары, “Мыйзамдуулукту коргоо жана колдоо” бейөкмөт уюмунун директору, оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү. 47 жашта, үч кыз, бир уулдун атасы. Соңку кезде Алай районунда жана Ош шаарында бийликти сындаган бир катар нааразычылык акцияларын уюштуруп, укук коргоо органдарынын куугунтугуна кабылганы айтылып жүргөн.

XS
SM
MD
LG