Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Д.Үсөнов: Чынын айтканда күч жетишпей турат


Өкмөт башчынын айтымында, кырдаал тез өнүгүүдө. Ал кеңири географиялык аймакты камтыгандыктан тартип коргоо органдарынын күчү жетишпей турат. Эң оор абал Нарын жана Таласта болууда.
Бишкекте кырдаал туруктуу. “Медиа Форумда” 200дөй киши чогулду. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Кыргызстандагы кырдаал тууралуу президент К.Бакиевге маалымат берилди. Ал бардык окуялар менен маалымдар.
Оппозиция курултай аркылуу мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылууда. Өкмөт тартипти камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрөт. Ал эми күнөөлүүлөр эң катаал жазасын алат.(AiT)

XS
SM
MD
LG