Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Өзбекстан: Кыргызстандагы окуялар өлкөнүн ички маселеси


Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин мына ушундай маанидеги билдирүүсү 8-апрелде өзбек мамлекеттик телеканалынан кабарланды. Билдирүүдө: Өзбекстан тарых жана достук байланышы менен көп кылымдардан бери коңшулаш жашап келген кыргыз элинин бейпилдиги сакталышына, ар кандай маселелердин тынчтык жолу менен чечилишине кызыкдар экендиги айтылган. Мындан тышкары өзбек бийлиги Кыргызстандагы кырдаал тынчыбаса социалдык-экономикалык абалдын начарлашына, мамлекетти башкаруунун татаалданышына, коңшу өлкөлөр менен чек араларда түрдүү маселелердин түзүлүшүнө алып келерин белгилеп, буга байланыштуу Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын убактылуу жапканын маалымдаган. Ошондой эле билдирүүдө өзбек эли кыргыз элинин акылмандыгына, өлкөдө бейпилдикти орното аларына ишенерин билдирген.
Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын 7-апрелде жапкан. Бул канча убакытка созулары азырынча кабарлана элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG