Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

АКШ Кыргызстанда жаңы өкмөт мурдакыдан демократиялуу болот деген үмүттө


АКШ жарым жыл ичинде Кыргызстанда мурдакыдан демократиялуу өкмөт курулат деген үмүттө. Мамдепартаментинин өкүлү Филип Кроули 12-апрелде Вашингтондогу брифингде сүйлөп, өлкө өткөөл мезгилди баштан кечирип жатканын айтты:

- (Кыргызстанда) өткөөл бийлик өкмөттүк министрлерди алмаштырды. Биз реалдуулукту тааныйбыз. Бирок биз Кыргызстандын лидери Бакиев же Отунбаева деп айта албайбыз.

Кроули Ак үй жаңы бийлик демократиялуу болот деген үмүттө экенине да токтолду:

-Биз өлкөдө өтүп жаткан процесстерди байкап турабыз. Бул процесс алты айдан кийин жаңы өкмөт түзүү менен бүтөт, ал мурдакыдан бир кыйла демократиялуу болот деп үмүттөнөбүз. Биз процессти колдойбуз. Ошол эле учурда, өткөн жумада айткандай, биз Кыргызстан элин жактайбыз жана өкмөт алар каалагандай ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү болуусун колдойбуз.

АКШ Мамкатчсынын жардамчысы Роберт Блейк шаршемби күнү Бишкекке келет. Блек өткөн аптадагы калабада оппозиция бийликти алгандан бери Кыргызстанга келген келген биринчи бийик даражалуу АКШлык дипломат болот.

XS
SM
MD
LG